Көбөйбаев Бабан

Википедия дан

Көбөйбаев Бабан (1924-ж. т., Чоңарык айылы) - эл агартуу отличниги. Атамекендик согуштун катышуучусу.

  • Эмгек жолун 1940-жылдан Токтогул жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1949-50-ж. мугалим,
  • 1950-58-ж. Токтогул райондук партия комитетинде инструктор,
  • 1952-55-ж. республикалык партиялык мектептин угуучусу,
  • 1958-60-ж. Токтогул атындагы колхоздун башкармалыгынын төрагасы,
  • 1960-63-ж. жумушчулар комитетинин төрагасы.
  • 1963-65-ж. райондук маданият бөлүмүн жетектеген.Ал райондогу алгачкы элдик театрды түзгөн.
  • 1965-68-ж. Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте директор,
  • 1967-73-ж. №39 кесиптик-техникалык окуу жайынын директору,
  • 1973-жылдан райондук кечки жаштар орто мектебинин директору,
  • 1980-88-ж. Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалим,
  • 1989-2002-ж. райондук Ардагерлер Кеңешинин төрагасы. Токтогул районунун Ардактуу гражданини (1966).
  • II даражадагы Атамекендик согуш ордени, Даңк медалы (2003) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5