Көбөш

Википедия дан

Көбөш«Манас» эпосунун каарманы. Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттөн туулган алты баласынын («алты арамдын») башчысы, Манас өлгөндө ордун зордук менен ээлеп, Таластагы аргын, ногой уруусуна кандык кылган аталаш иниси. «Семетейдин» бардык варианттарда «көөлдөгөн көр Көбөш» делинип, ал акылы тайкы, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн бардыгына даяр, уят-сыйытсыз адам катары сүрөттөлөт. Ал илгертен бекем сакталып келе жаткан элдик ыйык салтты бузуп, агасы Манастын өлгөнүнө «кырк күн мезгил толо элек, каадалап ашы бериле элек» жатса, сөөк өчтү чет душмандан да жаман иш кылып, «тамынын баарын уратып, талынын баарын сулатып», ордосун талкалап, «сан дүйнөсүн камчыга ченеп бөлүп», каралуу аялы Каныкейге зордуктап үйлөнмөк болот. Каныкей анын бул жосунсуз жоругуна каршы турганда анын оң далысынын кечирин айбалта менен кыя чаап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 20) же эмчегин жара чаап, эси ооп калганда башын кесмек болот. Шууту же башка арачылар арага түшүп өлүмдөн аман алып калышат. К. Манастын жалгыз баласы, анын жолун улантып, келечекте элдин үмүт-тилегин жүзөгө ашыруучу Семетейди да жок кылуудан баш тартпайт. Алты айлык Семетейди өлүмдөн Каныкей алдын ала көрөгөч акылмандыгы, айлакерлиги менен аман алып калат. Абыке, Көбөш Манастын ордосуна чабуул жасап келе жатканда Семетейди Чыйырдыга берип качырып, анын ордуна күңдүн баласын бөлөп коёт. К. бешиктеги баланы наркескен менен алты бөлө чабат (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча), башка варианттарда көкбөрү тарттырып өлтүрөт... «Алты арамдан» энеси Букарга ала качкан Семетей эрезеге жетип, мекени Таласка келип, ата мурас ордун ээлемек болгондо кайрадан К-түн кастыгына дуушар болот. Анын атасынан калган мал-мүлкүн, жоо жарагын бергиси келбей: «Манас чоң да болуучу, мен кичине болчумун, менин малым баарысын, ээлеп алып ал Манас меники деп жүрүүчү, эл меники болуучу, жер меники болуучу, Тороло албай жатканда малымды ээлеп алуучу, жанымды ээлеп алуучу» (БС, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 456 б.), — деп кара өзгөйлөнөт. Саякбай Каралаевдин варианты нда:

Кызыталак жетим кул

Сенин, атаң Манас кандан не калган,

Кула чолок бээ калган,

Курттаган жалгыз төө калган,

Жырык кара уй калган,

Жыртык кара үй калган.

Сенин атаң Манастын

Киргени кара алачык,

Атаңдын күнү өтүүчү,

Ар кайсы менен сабашып.

Томаяк кылып сен атаң,

Торпокко жүктү арттырган,

Тозокту минтип тарттырган.

Сенин атаң Манас келесоо

Аккуланы минүүчү,

Беттешкен менен урушуп,

Догурунуп жүрүүчү.

Атаң минип жүргөн Аккула,

Биздин жылкы болуучу, Догурунуп ал Манас

Күчүн минип жүрүүчү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 281 — 282),— деп кордоп, Манаска кайыбынан табылган Акшумкар, Кумайык, Бозкисе, алты курчту өзүм тапкан, Аколпок, Тайбуурулду өзүм эрдигим менен жеңип алган мүлк деп калп айтып мактанып, кара өзгөйлүккө салып, Семетейге бергиси келбей кылыч ала чуркайт. Жаш болсо да Семетей анын бардык күнөөсүн кең пейилдик менен кечирип, нечен жолу курун мойнуна салып, атын тартуу кылып, бир туугандык ынтымакта бололу, элдин биримдигин сактап, сырткы жоого бел алдырбайлы дегенине көнбөй, ага каршы кол курап, чабуул коёт. Семетей аны өлтүрүүгө аргасыз болот. Кыргыз уруулары бир эл экенин алгач аңдап, өз ара баш кошууга умтулуусун чагылдырган «Манас» бөлүмүнө салыштырганда «Семетей» коомдук өнүгүштүн алда канча кийинки этабында, феодалдык бытырандылык доордун тушунда пайда болгонун К-түн образы жана анын иш-аракетин баяндаган окуялар айрыкча даана көсөтүп турат. Биринчи бөлүмдө кимдиги ачык көрүнбөй, арамдыгын ичине каткан К. эми жаңы шартта өзүмчүлдүк, мансапкордук оюн ишке ашырыш үчүн жаңы күч менен чыгат. Байлык, бийлик үчүн өзүнүн эң жакын туугандары менен каршылашып, максаты орундалганда «ысыктагы жылкыдай ылаалап», «аюу талпактын үстүндө, бар жаздык коюп башына», «Канышайга бутун ушалатып», «элге айда салык салып, айгырдан тандап ат алып, төөдөн тандап нар алып, алтын-күмүш зар алып», «көк кенедей толгон» нагыз катаал феодалга айланат. Ал чабылып-чачылып ар кайда жүргөн элди бириктирип, ата-журттун көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Манастын толук карама-каршысы катары сүрөттөлөт. Манастын элдик иштеринин эч биринде катышпайт, жортуулга кетсе башын катып үйдө калат (жамы журт бүтүн аттанган Чоң казатта да), Манастын оң ишин колдомок турсун, анын душман колдуу болуп өлүп, кайтпай калышын тилейт. Оорукта калган элдин ыркын бузуп, бийликке ээ болууга умтулат. Манас өлгөндөн кийин бул кара ниет оюн ишке ашырат. Өзүнүн аброюн көтөрүп, Манастын ордун өмүр бою ээлеп калышы үчүн анын закондуу мураскору Семетейди жок кылууга умтулат.

Түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында К-түн тибиндеги тескери образдар салттык образ катары кеңири жолугат. Мисалы, «Алпамыштын» ар түрдүү варианттарындагы Ултан-Таз. Ал — Алпамыштын өгөй энеси туткун күңдөн туулган аталаш иниси. Муну К-түн Жакыптын жоо эл калмактан алган кичи аялынан туулган баласы экендиги менен салыштырса болот. Ултан-Таз да өлдү деп эсептелген Алпамыштын аялын зордуктап алууга, жакындарын кордоп, өз бийлигин бекемдөөгө аракет кылат. К-түн образына алтайлыктардын «Алып Манаш» эпосундагы Ак-Көбөндүн образынын генетикалык-типологиялык жакындыгы бир кыйла ачык байкалат. Көбөш менен Ак-Көбөндүн ысымдарынан байка да, каармандар Манас менен Алып-Манаштын, алардын бир тууган карындаштарынын (эки эпосто тең Карлыгач) аттарынын окшош болушунан тышкары, сюжет жагында да жакындык бар. Асыранды иниси Ак-Көбөн Алып-Манаш баатырдын жогунан пайдаланып (жортуулда жүргөн Алып-Манаш баатырдык алп уйку менен уктап колго түшүп, орго салынат, мындай мотив көөнө эпостордо каармандын убактылуу өлүмүн билдирет), анын аялына үйлөнмөк болушу Көбөштүн Каныкейге үйлөнүүгө аракетин эске түшүрөт. Жакып сыяктуу эле Алып-Манаштын атасы Байбарак келининин Ак-Көбөнгө чыгышын талап кылат. В. В. Радлов 19-кылымда Түштүк Сибирдеги татарлардан жазып алып жарыялаган бир нече варианттуу «Ак-Көбөк» аттуу баатырдык баяндын да «Манас» менен, анын ичинде К-түн образы менен айрым генетикалык байланышы бар. Ак-Көбөк энесинен туула элек жатып «Мен туулармын, туулармын, бу дүйнө жүзүн көрөрмүн, күмүш шекилдүү жеңемдин, оозу-мурдун өбөрмүн» (Радлов жазып алган вариант, 143),— дейт. Алып-Манаштагы Ак-Көбөндүн «Манастагы» К-түн жеңелерине көз артышып, аларга үйлөнүүгө жасаган аракеттерине мүнөздөш мотивдин айтуучунун эсинде сакталып калган рудименти болуу керек. Окуянын андан аркы улантылышында Ак-Көбөк эр жетип укмуштуу ат, кылыч, куш, тайгандуу болгондон кийин Көдөн кандын баласы Мангыш алп менен беттешкени жөнөйт («Мангыш алп» деген ат Алпамыштын Алып-Манаштын фонетикалык өзгөрүшү болуу менен бирге Манастын аты менен да тектеш). Талаадан кездешкенде Мангыш алп Ак-Көбөктүн атын, кушун, кылычын, тайганын бергин деп талап кылат. Бул мотив Семетей Көбөштөн атасынан калган мурас-мүлктөрүн доолаганын кайсы бир деңгээлде эеке салат. Эки эпосто мал-мүлктордүн өтө окшош сүрөттөлүшү да бул чыгармалар качандыр бир кездерде генетикалык байланышта болгону жөнүндөгү ынанымды тереңдетет. Мисалы, кылычтын жасалышы жөнүндөгү эки эпостогу төмөнкүдөй сүрөттөөлөрдүн окшоштугу бир чыгарманын түрдүү айтымдары сыяктуу элес калтырат. «Манаста»: «Көмүрүнө чыдабай көп токойлор кыйылган, Көөрүгү үчүн кылычтын Көк букалар кырылган, сугатына бир катар суук булак соолгон, Кылганына чыдабай кырк алты уста жадаган өгөөсүнө чыдабай отуз өгөө жоюлган». «Ак-Көбөктө»: «Кагымына чыдабай как балкалар жоюлган, Согушуна чыдабай сом балкалар жоюлган, басуусуна чыдабай балтыры жоон кул өлгөн, басышына чыдабай көп көөрүктөр жарылган». Ырас жогоркудай мал-мүлк доолашуудан кийин Ак-Көбөктүн «агалуулар-инилүүлөр ата малын талашаар», — деп (бул Манас менен Көбөштүн ага-ини болгонун эске түшүрөт), Мангышты амал менен өлтүрүшүнүн «Манас» менен сюжет жагынан окшоштугу жок, бирок бул мотив «Алпамыш», «Алып-Манаштагы» башка оң каарманды амалкөй же сыйкырдуу кемпирге жолун тостуруп ууландырып (мас кылып), колго түшүрүп орго салышына үндөшүп турат. Алтайлыктардын «Алып-Манашын» окумуштуулар Орто Азия элдеринин «Алпамышынын» көөнө версиясы катары карашат да, ошол эле учурда анын «Манас» менен генетикалык байыркы байланышы бар экенин эскеришет. Демек, «Ак-Көбөктү» көөнө формаларда тектештиги бар бул чыгармалардын дагы бир версиясы катары кароого толук негиз бар. Мунун Ак-Көбөктүн «Манастагы» К., «АлыпМанаштагы» Ак-Көбөн менен атынын тектеш болушу да ырастайт. Бу ысымдын төркүнү теги байыркы түрк моңгол тилдериндеги Көбөгүн (Көбөйүн, Көбөгөн) — «кенже уул», «канзада» деген сөз. Бул ысымды эркелетип айтуудан Көбөш, Көбөй, Көбөн, Көбөк формалары пайда болгон. Бул аттарды алып жүргөн каармандар өздөрү катышкан чыгармаларда атанын кенже уулу катары сүрөттөлөт да, ысымдары образдарына шай келет. Сибирдик татарлардын эпикалык баянынын бардык варианттарында Ак-Көбөктү өлтүргөн душманы Киден кан (Көдөн кан) 10—11-кылымда коңшу элдерди, анын ичинде кыргыздарды да багындырып, Борбордук Азияда гегемондугун орноткон Кидан (кара кытай) мамлекетинин наамынын персонификацияланышы деп табылса, анда Көбөктүн, К-түн, Көбөндүн образдарынын келип чыгышы ушул доорго туташ деген жыйынтыкка алып келет. Ак-Көбөк жөнүндөгү баяндар хакастардын, кавказдагы ногойлордун элдик оозеки чыгармаларында да учурайт. Кыргыздарда Кумайык деген кыраан тайганы, Карлыгач деген карындашы бар Көбөктүн кырк уруу түрктүн каны экендиги жөнүндө жөө жомок айтылат. К. Мифтаков ушул жомоктун уландысы катары Талым кыз менен Көбөктүн ыр түрүндөгү табышмак-айтышын жазып алган. Тереңден карай келгенде бул чыгармалар да жогоруда аталган эпостор менен тамырлаш. Түштүк Сибирде байыркы кыргыздар жашаган чөлкөмдө Көбөк-кан деген тоо бар. Келтирилген мисалдардын негизинде К-түн образы «Манас» эпосундагы эң эски образдын бири деген жыйынтыкка келүүгө болот. Сыягы, анын образы кыргыздардын борбордук Азияда үстөмдүк кылып турган мезгилинин соңку кездеринде (10—11-кылымдарда) алардын жана аларга көз каранды түрк урууларынын чөйрөсүндө түзүлө баштап, кийин алар менен кошо Кавказга чейинки жаңы аймактарга тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4