Көгарт, Кара-Кулжа району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Көгарт, Кара-Кулжа району - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Алайкуу айыл округуна караштуу. Сөөк жана Көгарт сууларынын кошулушундагы өтөктө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 120 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 208 км. Калкы 2962 (2007); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]