Көкбөрү

Википедия дан

Көкбөрү«Манас» эпосунун каарманы. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын уруу башчысы. Манастын алгачкы казаттарына катышат, башка учурларда Көккоён султандын атасы катары эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кырым элинин каны. Урумкандын уулу жана Коёнаалынын атасы. Нескара баалагандай «Кырк күнчүлүк сайышка жарап берчү» (Саякбай Каралаев, 2. 26) баатыр гана эмес, К. Манастын «Ободон булут козгошкон, бир күндө үч жол достошкон» (Саякбай Каралаев, 2. 230) о дүйнөлүк досу дагы. Манастын өзүнүн айтуусу боюнча анын эң жакын адамдары Кошой, Төштүк, Сайкал менен бирге атайы чакырылып, Манастын сөөгүн жашыруун көмүүгө катышат. «Манас» эпосундагы көөнө типтеги каармандар Кошой, Төштүк, Сайкал менен катар айтылган К. да чыгыш теги жагынан эң байыркы каармандардан деп болжошко негиз бар. Анын ысымынын байыркы түрктөрдүн тотеми «Көк-Бөрү» менен байланыштуу болушу бул ойду ырастайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4