Көкпакверхний аметист кени
Көкпакверхний аметист кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 45 км түштүк-чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1800–2200 м бийиктикте. 1991-ж. "Средазкварцсамоцветы" экспедициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Палеозойдун березиттешкен, кварцтташкан граносиенитиндеги калыңдыгы 3 мден 40 мге жеткен жаракалар зоналары менен аметист минералдашуусу байланышкан. Аметист руда тулкуларынын узундугу 0,5–15 м болгон кварц–карбонат тарамдарынан турат. Аметист минералдашуусу жер үстүнөн 2 м тереңдикке чейин изилденген. Аметист көгүш кызгылт (сыя) түстө, кыр чыгарууга жарамдуу. Аметисттин тарамдарындагы өлчөмү 5,7 ден 2933,3 г/м3 чейин өзгөрөт. Аметист чийки затынан кыр чыгарууга жарамдуусу 50% түзөт. Аметисттен шуру жасаса болот. Баланстагы запасы С1 категориясы боюнча 122,6 кг.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7