Көксайкал

Википедия дан
Veronica chamaedrys.

Көксайкал (лат. Veronica, L. 1753) – норичниктер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, көп жылдык чөп, чанда майда чама бадалча. 20-60 (100) см узундуктагы сабагы тик өйдө, кээде жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы негизинен бүтүн жээктүү, кээде майда жарым айчыктуу же тилкелүү. Сабакка тушташ жайгашкан. Гүлү сабактын учунда шыпыргыдай, калемчедей топ гүлгө чогулган, кай бир түрүнүн гүлү жалбырак колтугуна бирден өсөт. Эки эриндүү, түтүкчөдөй, көк, агыш көк, ак. Аталыгы 2, энелиги 1, мөмөсү эки уялуу кутуча, уругу ар бир уяда 1-12ден болот. 300 түрү жер шарынын бардык областтарына тараган. Кыргызстанда 30 ашуун түрү өрөөндөн бийик тоодогу нымдуу өсүмдүктүүлүктүн бардык тибинде өсөт. К-дын айрым түрлөрүн кооздук үчүн өстүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]