Көкүмбай Чыны уулу

Википедия дан

Көкүмбай Чыны уулу (19-кылымдын 2-жарымы Жумгал өрөөнүндө туулган–1934/35 жылы Бишкекте каза болгон) – Кыргыздардын Үркүндө аскер башчысы, Жумгал өрөөнүндө эл башкарган манап. Чоң аталары Медет датка, Дуулат, атасы Чыны –чоң манаптардан болушкан. Көкүмбай кыргыз эли орус мамлекетине карагандан кийинки мезгилдерде бир нече жолу болуш болуп шайланган. 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө Жумгалдын чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп, хан көтөрүлгөн. Орус жазалоочу аскеринен качып, Кытайга барган, 1918-ж. кайтып келген. 1920-жылдардын акырында Совет өкмөтү бай-манаптын өкүлү катары камап, Бишкекте каза болгон.

Орус падышачылыгына каршычылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

22 август 1916 жылы Канат ханга 700 киши менен Көкүмбай Чыны уулу кошулуп. 25–26-августта алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет жана Кочкордо салгылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүшчүлөр 5 күндөн кийин Тармал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал тараптан келген орус отряды аларды курчоого алып, көтөрүлүшчүлөр аёосуз кырылган.

Ата теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоң атасы: Медет датка
Атасы: Чыны манап

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003