Көкөтөй Тото уулу

Википедия дан

Көкөтөй Тото уулу.
Көкөтөйдүн ысмы таңдайы таңшыган чечен, сөз чебери катарында бүткүл кыргыздарга кеңири маалым. Анын өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө материалдар эл арасында көп сакталып, ар башка муундагы адамдардан жыйналса да, негизги окуялары бири – биринен анчалык алыстабайт. Алсак, бардык айтуучулар чечендин туулган жылы катарында 19 – кылымдагы 50 – жылдардын айланасын көрсөтүшөт. А.Тыныбеков Көкөтөй Нарындын Миң – Булак деген жеринде 1849 – жылы туулган деп эсептейт. Кабыл Малабаев, Асан Миназаров да Көкөтөйдүн төрөлгөн ордун азырккы админстративдик бөлүнүү боюнча Тянь – Шань районундагы Миң – Була сельсоветине караштуу Куйбышев колхозу деп так көрсөтүшөт. Анын 1916 – жылкы козголоң мезгилинде ашууда каза болгондугун бир канча айтуучулар ырасташат. Жогорку фактылар Көкөтөй 1849 – 1916 – жылдардын аралыгында өмүр сүргөн деп болжоого негиз берет. Ал кедей үй – бүлөсүнөн, бугунун тынымсейит уруусунун жаманак уругунан чыккан. Атасы Тото “өз колунда малы жок, байдан саан саап, жалданып иштеп, жана да бир аз дыйканчылык менен күн өткөрөт. Тотонуну “жети атасынан бери кедей болуп, алдуу малдуу, кишилердин оозун карап, тең туугандан кем болуп, малы аз, маанайы пас, жарды киши” болгондугу экинчи маалыматта да ырысталат. Тотонун Султан, Текеатар жана Көкөтөй деген үч уулу болот. Султан өтүкчүлүк кесибин үйрөнүп, ошону менен жан сактап кетет. Ал өтүктү ушунчалык чебер ултаргандыктан, кардар да көп табылып, улам бир айылдан экинчи айылга ыдырып жүрүп, ата – энесине деле анчалык кайрымы жок болот. Текеатар ким жумшаса баса берип, башы оогон жакка кете берип дегендей, алган акысы керт башынын камылгасына да жетпей, ата – энеге андан да кайыр болбойт. Көкөтөй атанын 54 жашында эңкейип калган кезинде көргөн уулу болуп, Тото: “Бу да агаларынын жолуна түшпөгөй эле” – деп көп күмөн санап, кээде кемпирине айта коюп, санааркап жүрөт. Бирок атанын кенжеси бала кезинен эле чымыркай, көк сергек өсөт. Өзүнүнүн тирикарактыгы, олбурлуулугу менен айыл – апанын, кошуна – колоңдун көзүнө түшүп, алар андан келечекте бир нерсе чыгарын атасына айта коюп жүрүшөт.
Мына ушундай жагдайда болочокку чечендин түйшүк жолу өтө эрте башталат, жашы он экиге жетпей, жокчулуктун айынан ар кайсы байларга малай болуп жалданып жүрөт, кой саадырып, козу багат. Айтор оозеки маалыматтарда Көкөтөйдүн отузга сыкканга чейинки өмүрү жарды – жалчылыкта, кой кайтарып, жылкы багууда өтөт. Ушул козу – кой багып, жылкы күзөтүп жүргөн кезинде эле анын куудулдугу, айлакердиги, куйкум сөздүүлүгү байкала баштайт. Көкөтөй жаш мезгилинде көбүн эсе куудулдук мүнөзүндөгү окуяларды жаратат. Ал анын кой багып жүргөн 15 – 16 жашар курагында өзүнүн жылдык акысына алган жалгыз коюн союп, бай - байбичени коноктоп, “батасын” алып, сараң байды уятка калтырышында, же айлакердик менен ээсинин айыбын ачып, мейманды күтүүгө аргасыз кылышында көрүнөт.Байдын үйүнө келген коноктордун ар бир айткан сөзүн байкап, кулагын төшөп, кунт коюп угуп, бардыгын эске сактап калууга дилгирленет. Ал жөнүндө Актан Тыныбеков мындай дейт: “Эгерде байдыкына не бир масел, макал айткан, эл тарыхын, санжыра сөздөрдү, өткөн – кеткенди, элдин, жердин, же бир баатырлардын тарыхын жакшы билип, нускалуу сөз салган кишилер келип калса бөтөнчө айланчыктап, жанынан чыкчу эмес. Көкөтөй ал кишинин атын багып, ошол кишиге жакындашып үйүр болуп, баягы сөздөрдү кайта – кайта уккусу келип, “атаңдын көрү ээ” деп, кошубактап туруучу эле”.
Көкөтөйдүн өмүрүнүн акыркы айлары 1916 – жылы кыргыз элинин тарыхындагы кыйын кезеңге туш келет.Көкөтөйдүн окуяларында, сөздөрүндө өз мүдөөсү, ой – санаасы, үмүт – тилеги чагылышкандыгы үчүн кыргыз эли ага чечендикти, чебердикти, калыстыкты жана эр жүрөктүүлүк, баатырдыкты ыйгарат. Демек, кыргыз оозеки чыгармачылыгынын тарыхында да Көкөтөй өз ордун ээлөөгө тийиш.
Пайдаланылган адабият: "Акындыр чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери" Фрунзе - 1988