Көк-Жаңгак гипс кени
Көрүнүш
Көк-Жаңгак гипс кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Көк-Жаңгак шаарынын түштүк тарабында, Акман тоосунда жайгашкан. 1926-ж. табылып, 1952-ж. изилденген. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кумдук, чопо, алевролит аргиллит, доломит тектери түзөт. Пайдалуу катмар чопо тектеринин арасында кант сымал массивдүү аппак гипстен турат. Калыңдыгы 90–95 м. Гипстен кооз көркөм буюмдарды жасоого болот. Запасы С1 категориясы боюнча 403 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7