Көк-Жаңгак чопо кени
Көрүнүш
Көк-Жаңгак чопо кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Курганташ суусунун оң жээгинде, Көк-Жаңгак т. ж. бекетинен 0,6 км түндүктө, кирпич заводунун жанында, деңиз деңгээлинен 1310–1368 м бийиктикте. 1953-ж. чалгындалган. Кен аянтынын узундугу 1200 м, туурасы 400–500 м, түндүк-батыштан түштүк-чыгышка созулуп жатат. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу чоподон түзүлгөн. Кумайлуу чопонун калыңдыгы 11,7 мден 58,0 мге чейин өзгөрөт. Технологиялык изилдөөнүн негизинде кумайлуу чоподон "100", "125" маркасындагы кирпич алына тургандыгы аныкталган. Баланстагы запасы А категориясы боюнча 305 миң м3, В – 476 миң м3, С1 – 960 миң м3, А+В+С1741 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7