Көктоңду
Көрүнүш
(«Көк-Тонду, Базар-Коргон району» барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Көктоңду
|
Көктоңду[2] — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагына караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 65 км аралыкта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы ― 4201 киши (2023-жылы)[1]; негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана жана фельдшердик акушердик пункт бар. Кыштакта кыргыз телекөрсөтүүсүн негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Б. Каипов туулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору.
Борбор шаары | Базар-Коргон |
---|---|
Акман айыл аймагы | Жаңы-Акман • Жараке • Кайырма • Колот • Коргон-Жар • Кош-Коргон • Таш-Булак |
Арстанбап айыл аймагы | Арсланбоб • Ак-Терек • Бел-Терек • Гава • Гүмкана • Дашман • Жай-Терек • Жарадар |
Бешик-Жон айыл аймагы | Бешик-Жон • Баймундуз • Жон • Карача • Көк-Алма |
Кеңеш айыл аймагы | Аук • Кара-Жыгач • Коткор • Кызыл-Октябрь • Могол-Коргон • Биринчи Май • Сейитказы • Шыдыр |
Кызыл-Үңкүр айыл аймагы | Кызыл-Үңкүр • Ак-Булак • Жаз-Кечүү • Катар-Жаңгак • Көсө-Терек |
Могол айыл аймагы | Оогон-Талаа • Бувакол • Кайнар • Кара-Ой • Кызыл-Суу • Көктоңду • Чарбак • Чкалов |
Сайдыкум айыл аймагы | Сайдыкум • Аркалык • Дукур • Жаңы-Абад • Жаш-Ленин • Кызыл-Ай • Кыргыз-Каба • Тойчубек-Чек • Төш • Турпак-Коргон • Хажир-Абад • Чек • Чоң-Курулуш |
Талдуу-Булак айыл аймагы | Каба • Ак-Терек • Ак-Тыт • Катар-Жаңгак • Көк-Алма • Кыргоо • Сары-Жайык • Үч-Булак |