Мазмунга өтүү

Көк-желе

Википедия — ачык энциклопедия

Көк-желе, Асман жаасы, Асан Үсөн – атмосферадагы суу тамчыларында жарыктын сынышынан, чагылышынан, интерференциясынан жана дифракцияланышынан келип чыккан оптикалык кубулуш. Асмандын Күнгө карама-каршы тарабына жааган жамгырда күн нурунан түркүн түстөгү жаа пайда болот. Көк-желенин борбору күндүн дискасы менен байкоочунун көз деңгээли аркылуу өткөн түз сызыкта жатып, Көк-желенин жаасы 420 бийикке жеткенде жоголот. Тоолуу жерлерде Көк-желени ландшафт бетинен да көрүүгө болот. Көк желе шаркыратмада, фонтанда, жаадырып сугарган учурда, жамгырдуу түндө прожектор нурунун жолунда да пайда болот. Кээде самолёттон Көк-желенин толук айланасы көрүнөт. Айрым учурда түсү тескери жайгашкан (тышы көгүш кызыл, ичи кызыл) бурчтук радиусу 520 болгон экинчи Көк-желе байкалат. Жамгыр тамчылары канчалык чоң болсо, Көк-желенин түсү ошончолук ачык болот. Кыргыздар Көк-желени Асман жаасы, Күн желеси («күндүн кулагы»), Жез кемпирдин желеси деп атайт. Илимий жактан Көк-желенин пайда болушун 1637-ж. француз Р. Декарт ; тагыраак теориясын англис Ж. Эри жана австриялык геофизик Й. М. Пернтер далилдеген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]