Көк мээ

Википедия дан

Көк мээ (Coenuros—is) — малдын (көбүнчө койдун), кээде кишинин инвазиялуу (цестодоз тобундагы гельминтоз) ылаңы, oopycy. Multiceps multiceps тасма куртунун личинкасы пайда кылат. Ылаң Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнөн Борбордук Азия, Закавказье республикаларында, Казакстанда, Волга бою, Сибирде кездешет. Көбүнчө 2 жашка чейинки жаш мал ылаңдайт. Гельминт ит, карышкыр, чөө, кээде түлкүнүн ичегисинде мителейт. Булар бөлүп чыгарган мультицепс жумурткасын кой, эчки ж. б. тоют менен кошо жеп, алар малдын ичегисинде личинкага айланып, канга өтөт, кан аркылуу мээге жетип, өөрчүп, ыйлаакча пайда кылат. Дарт 4 стадияда өтөт. 1-стадияда (16 күн) ылаңдын белгиси байкалбайт. 2-синде кой чочулап үркүп, булчундары тырышып, бир орунда тегерене берет. Айрым козулар өлөт. 3стадия (2-А тымызын мезгил) 2,5—8 ай созулат. 4-стадиясында (2—3 жума) ылаңдын клиникалык белгилери күчөп, мал арыктап өлөт. Дарылоо — операция жолу менен жүргүзүлөт. Алдын алуу жана каршы күрөшүү: өлгөн койдун же союлган дарттуу койдун башын Беккари чуңкуруна көөмп, ылаңдуу малды өз убагында бөлүү, жолбун итти жоготуу, чарбадагы итти жылына 4 жолу дегельминттөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]