Көк сайкал
Көрүнүш
Көк сайкал (Veronica) — өсүмдүктөрдүн норичниктер тукумунун уруусу. Бир, көп жылдык чөп, чанда майда чала бадалча. Бийиктиги 20—60 (100) см, сабагы тик өйдө, кээде жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы негизинен бүтүн жээктүү, кээде майда жарым айчыктуу же тилкелүү. Сабакка тушташ жайгашкан. Гүлү сабактын учунда, шыпыргыдай, калемчедей топ гүлгө чогулган, кээ бир түрүнүн гүлү жалбырак колтугуна бирден өсөт. Эки эриндүү, түтүкчөдөй, көк, агыш көк, ак. Аталыгы 2, энелиги 1, мөмөсү эки уялуу кутуча, уругу ар бир уяда 1—12ден болот. 300 түрү бардык жерде тараган. Кыргызстанда 30дан ашуун түрү өрөөндөн бийик тоого чейин өсөт. Айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9