Көк таш
Көрүнүш
Көк таш — жез сульфаты кристаллогидраты, СuSО4-5Н2О ачык көк түстүү кристалл. Сууда жакшы эрийт. Тыгызд. 2,29 г!см3, 105°С жогору темп-рада бир аз суусун жоготуп СuSО4-ЗН2О (көгүш) өтөт. 258°С толук суусузданып, ак түстөгү кристаллга айланат. Жаратылышта халькантит минералы түрүндө кездешет. Ө. ж-да К. т. абаны үйлөтүү менен жезди суюлтулган ысык күкүрт к-тасында эритүүдөн алынат:
1
Сг + SО4 + — O2 = СuSО4 + Н2О
2
Ал жездин маанилүү техникалык тузу. Чирүүдөн сактоо максатында К. т. эритмеси жыгачтарга сиңирилет; боёк алууда, үрөн дарылоодо өсүмдүк илдеттерине жана зыянкечтерине каршы, медицинада, тери ийлөөдө ж. 6. колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6