Мазмунга өтүү

Көк тоют

Википедия — ачык энциклопедия

Көк тоют — жаңы чабылган чөп же жайытта мал откорулуучу өсүмдүк. Мал Көк тоют менен эрте жаздан кеч күзгө дейре үзгүлтүксүз тоюттандырылат. Табигый жана эгилме жайыт, көп жана бир жылдык чөп, тоюттук бакча өсүмдүгү (кабак, ашкабак жана дарбыз), азык тамырлуу (турнепс, тоют кызылчасы, тоюттук сабиз) ж. б. өсүмдүктөр Көк тоют болуп эсептелет. Көк тоют негизинен үчкө бөлүнөт — табигый, эгилме жана аралаш. Көк тоют үчүн пайдаланылуучу чөп өсүмдүктөрүнүн сабагы катканга чейин 60—80% суу, 2— 6% чийки протеин, 0,2—2% май, 6—2% азотсуз заттар, 4—25% клетчатка, 2—7% күл кармайт, ошондой эле каротинге, витаминге бай. 100 кг чанак уруктуу өсүмдүктө 15—20 тоют бирдиги жана 3-3,5 кг аш болумдуу протейин болот. Көк тоют малга сиңимдүү болгондуктан, негизги тоют катары эсептелет. Суткасына уй 40—80, кой 6—9, чочко 8—12, жылкы 40—50 кг. Көк тоют жейт. Малды Көк тоют менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ар бир дыйкан чарбасы мүмкүнчүлүгүнө жараша жашыл конвейер уюштуруп алса болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]