Көлкайынды өрөөнү

Википедия дан

Көлкайынды өрөөнү - Алайкуу өрөөнүндө. Академик Адышев кырка тоосунан башталып, түштук батыштан түндук батышка карай созулат. Узундугу 36 км, туурасы 6–8 км. Басымдуу бийиктиги 3400— 3500 м, эң бийик жери Көлкайынды ашуусунда (4574 м). Өрөөн жалпысынан куушураак келип V формасында; каптал өрөөндөрү жана кокту колоттору көп. Баш жагында бийик жана капталдары тик келки (монолиттүү) аскалар, терең коктулар, үңкүрлөр, жарлар басымдуу. Көлкайынды өрөөнү жалпысынан жалпайыңкы тарткан түздүктөрдөн, капталдары тайпак тоолордон, баскак белестерден, тектирлерден турат. Негизинен палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, төмөнкү бөлүгү палеоген-неогендин кум, чопо, шагыл тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы —15,2°С, июлдуку 14,8°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 350 мм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]