Көлмөлөрдү санитариялык коргоо

Википедия дан

Көлмөлөрдү санитариялык коргоо - суу булактарын булгануу дан коргоого багытталган закон чыгаруучу, уюштуруучу жана санитария-техникалык системасы.

Көлмөлөрдү санитариялык коргоо 19-кылымдын 2-жарымында калк отурукташкан жерлерди көрктөндүрүү максатында суу менен камсыз кылуу, канализациянын борбордоштурулган системасынын курулушу, өнөр жайдын өсүшүнө байланыштуу келип чыккан. Көлмөлөрдү санитариялык коргоодо санитариялык коргоо зонасы түзүлөт: катуу тартиптеги зонада суу тосмосу жана суу жүргүч түтүк курулмалары жайгашкан аймак тосулуп, тегерете бак-дарак отургузуп, кароого алынып, бул аймакта курулуш иши жүргүзүлбөйт.

Көлмөлөрдү санитариялык коргоо боюнча Мыйзамдар улам өркүндөп, советтик жана чарбалык органдардын көлмөлөрдү булгоону азайтууга багытталган чараларды ишке ашырууда жоопкерчилигин көтөрүүдө. Көлмөлөрдү санитариялык коргоо чаралары булганч сууларды аз чыгаруу, кайра тазалап пайдалануу жана уулуу заттардын ордуна зыянсыз продуктуларды колдонуу, таштандылардан баалуу заттарды алуу жана аны керекке жаратуу, өндүрүштүн технологиялык процесстерин жакшыртуу максатында атайын тазалоочу курулмаларды куруу, суу менен камсыз кылуучу булактардын айланасына санитариялык коргоо зонасын түзүү чоң мааниге ээ. К. Айлана-чөйрөнү коргоо макаласын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8