Мазмунга өтүү

Көлөмдүк илээшкектик

Википедия — ачык энциклопедия

Көлөмдүк илээшкектик (экинчи илээшкектик) - чөйрөнү көлөмү боюнча деформациялаганда анда-гы энергиянын кандайдыр бир бөлүгүнүн энергиянын башка бир түрүнө айлануусун мүнөздөөчү чоңдук (мис., чөйрөнүн механикалык энергиясынын жылуулукка айлануусу).

Кадимки Стокс же жылышуу илээшкектигинен айырмаланып, Көлөмдүк илээшкектик релаксация процессин (к. Акустикалык релаксация) мүнөздөйт. Көлөмдүк илээшкектик көбүнчө үн жана ультраүн толкундарынын суюктуктарда жана газдарда тароо учурунда пайда болот. К. и. коэффициенти үндүн жутулуу чоң-дугун аныктайт. Эгерде үн таралган кезде чөйрөнүн теңсалмактуулугу бузулбаса, анда релаксация убагы үн толкунунун мезгилине салыштырмалуу абдан кичине болот да, Көлөмдүк илээшкектик коэффициенти (ξ) жыштыкка көзкаранды болбойт. Ал эми үн таралган кезде термодинамикалык теңсалмактуулук бузулса, ξ өтө чоң мааниге ээ болуп, үн жыштыгына көзкаранды болот. Көлөмдүк илээшкектик коэффициентин аныкташ үчүн адатта үндүн жутулушу жана дисперсиясы боюнча маселедеги белги-лүү чоңдуктар колдонулат. ξ температурага жана басымга көзкаранды. Ал температуранын жогорулашы менен төмөндөйт жана басымдын өсүшү менен көбөйөт. Көлөмдүк илээшкектик коэффициенти газдарга салыштырмалуу суюктуктар үчүн 1−3 тартипке жогору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]