Мазмунга өтүү

Көл-Төр мрамор кени

Википедия — ачык энциклопедия

Көл-Төр мрамор кени – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка кыштагынан 50-60 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Көл-Төр суусунун оң жак өйүзүндө жайгашкан. 1962-ж. табылган. Кен аймагын протерозой менен девон мезгилиндеги метаморфизмделген тектер түзөт. Пайдалуу катмар мрамордон туруп, протерозойдун бүктөлүп талкаланган тектеринин арасында жатат. Катмардын узундугу 80 м, калыңдыгы 6-8 м. Мрамор майда кристаллдуу, массивдүү. Өңү агыш боз, арасында оливиндин жашыл темгилдери, сейрек тактары, айрым жерлерде каралжын боз, кара тактары учурайт. Жакшы сайкалданат. Орточо блоктуулугу 20x20x10 см. Имараттардын дубалдарын каптап кооздоого жарамдуу такталарды алууга болот. Запасы мол.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]