Көмүрдүн өзүнөн-өзү күйүшү

Википедия дан

Көмүрдүн өзүнөн-өзү күйүшү – көмүр абадагы кычкылтек менен өз ара аракетке келгенде кычкылдануу процессинен келип чыккан кубулуш. Буга талкаланган, ураган көмүргө же тазалоо жумуштарын жүргүзгөндө көмүр массаларына белгилүү санда кычкылтектин аралашып кетиши себеп болот. Бул көп сандаган геологиялык, тоо-техникалык шарттарга байланыштуу татаал химиялык процесс. Үбөлөнмө, жаракалуу көмүрлөр жеңил тутанат. Шахтадагы абанын курамын, темпретурасын алдын ала текшерип туруу иштери өзүнөн-өзү тутануудан сактайт. Тутануу төмөнкү эки себепке байланыштуу: 1) өзүнөн-өзү күйүүгө жөндөмсүз көмүрлөрдө, кычкылданган көмүр менен кычкылданбаган көмүрдүн күйүү темпретурасындагы айырмачылык 10°Сден ашпаса; 2) өзүнөн-өзү күйүүгө жөндөмдүү көмүрлөрдө айырмачылык 25-30°С жетсе. Шахтада өрт чыкпасын үчүн казылып алынган бош жерлерге тосмолор орнотулат. Тосмо суюк айнек, суюлтулган чопо, суюк аралашма толтурулуп шыбалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]