Көмүрдү активдештирүү
Көмүрдү активдештирүү – таш көмүр же жыгач көмүрүн чайыр сыяктуу заттардан ажыратып, көп сандаган майда көзөнөкчөлөрдү пайда кылуу. Беттери жогорку сапатка ээ болгон көмүрлөр көптөгөн заттарды (углеводдор жана алардын туундулары эң жакшы, ал эми спирт, аммиак, суу ж. б. начар адсорбцияланат) өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ болот. Кээ бир полимерлер көмүрдү термиялык жол менен эзип, жибитип (абасыз көмүргө айландырууда), өтө майда көзөнөкчөлөрдү пайда кылат. Өтө майда көзөнөкчөлүү көмүрлөр аз заттар болсо деле сиңирип алууга жөндөмдүү келет. Ири көзөнөктүүлөрдө капиллярдуу конденсация процесси жүрөт. Көмүрдү активдештирүү өтө керектүү органикалык заттарды алууда, суулуу эритиндилерден органикалык бирикмелерди бөлүүдө, соргучтарды жасоодо, ичеги-карындагы зыяндуу заттарды тазалоодо колдонулат
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9