Көмүрдү суу менен талкалоо
Көрүнүш
Көмүрдү суу менен талкалоо, көмүр катмарын суу менен жаракалоо – көмүр кабаттарын суу менен урдуруп, талкалоо. Көмүрдү жер астынан суунун күчу менен талкалап, ташып, жер үстүнө алып чыгуу. Мында көмүр гидромонитор же механогидравликалык машина пайда кылган жогорку басымдагы (5-10 Мг/м2) суунун энергиясы менен талкаланат. Суу борбордон качуучу насос менен түтүк аркылуу үңүлмөгө забойго жиберилет. Ар кандай чоңдукта талкаланган көмүр суу менен агып, жүк ташуучу унаага жүктөлүп, андан ары сыртка чыгарылат. Кен ылгоочу фабрикада кургатылат. Гидрошахталарда техникалык-экономикалык көрсөткүч көмүрдү «кургак» казып алууга караганда 1,5-2 эсе жогору болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9