Көмүртек (II) оксиди
Көрүнүш
Көмүртек (II) оксиди, (ис газы) СО – түссүз, жытсыз газ. Этанол, бензол чөйрөсүндө эрийт, сууда начар эрийт. Кадимки шарттарда к-лар жана щелочтор менен реакцияга кирбейт. Жогорку темп-рада Cl2, S менен кээ бир металлдар, щелочтор менен реакцияга кирет. Жогорку калориялуу отун (генератор газы, күйүүчү газ), калыбына келтиргич катарында колдонулат. Суутек менен болгон аралашмасы метил спиртин ж.б. орг. бирикмелер, металлдар карбонилин алууда сырье болуп пайдаланылат. К.о. өтө уулуу зат, кан гемоглобини менен биригет. Анын абадагы концентрациясы 0,03 мг/л ашпоого тийиш.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6