Көмүр комбайны
Көрүнүш
Көмүр комбайны – көмүр казууда бир эле убакта бири-бирине айкалышкан бир нече операцияны (көмүр катмарларын уратуу, аны транспортко жүктөө) аткаруучу машина. Мында көмүр казуучу комбайн тазалоочу, өткөөл жүргүзүүчүсү, өткөөлчү комбайн деп аталат. Комбайн көмүр катмарынын калыңдыгына жараша калың, орто, жука катмарды казуучу түрлөрдөн турат. Көмүр катмарларынын орун алышы боюнча горизонталдуу, жантайма, тик катмар казуучу комбайндарга бөлүнөт. Комплекстүү агрегаттар казылуучу катмардын төбөсүн өзү тиреп, бекитүү иштерин да аткарат. Суткасына 3000-5000 т көмүр казып алууга болот. Өткөөлчү комбайн көмүр жана тоо тектеринен өткөөл жүргүзүүчү болуп бөлүнөт. Булардын ондогон түрлөрү бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9