Көмүр маркасы

Википедия дан

Көмүр маркасы – көмүрдүн ар кандай сортторунун өнөр-жайлык белгилери. Мамлекеттик стандарт (ГОСТ) боюнча көмүр бассейндерине жараша белгиленет. Түзүлүшү, метаморфизмделиши, кычкылдуулугу боюнча күрөң көмүр, таш көмүр, антрацит болуп бөлүнөт. Ар бири өз алдынча маркаларга ажырайт. Күрөң көмүр күйүшү, нымдуулугу боюнча Б1 (нымдуулугу 40%тен жогору), Б2 (30-40%), Б3 (30%тен төмөн) маркаларынан турат. Таш көмүр жеңил учуп кетүүчү заттар менен кошулмаларына жараша: Д - узун жалындуу, Г - газдуу, ГЖ - газдуу майлуу, Ж - майлуу, КЖ - кокстуу майлуу, К - кокстуу, СС - аз кошулмалуу, Т - майсыз маркаларга бөлүнөт. Антрацит болсо, ПА - чала антрацит, А - толук антрацит болуп айырмаланат. Көмүрдүн маркасына жараша технологиялык тиби аныкталат. Кокс өндүрүүдө Г6 жана Г16 маркасындагы сорттор колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]