Көмөкчү
Көрүнүш
Көмөкчү – кылмышка кошо катышуучулардын бири. Кылмыш жасоого кепкеңеши, көрсөтмөсү, маалыматтарды, каражаттарды, курал-жарактарды бергени менен көмөктөшкөн же болбосо тоскоолдуктарды жойгондугу менен, ошондой эле күн мурдатан кылмышкерди, кылмыш каражаттарын жана курал-жарактарын, кылмыш издерин, кылмыш жолу менен табылган буюмдарды жашырууга убада берген, андай нерселерди сатып алууга же сатып берүүгө күн мурунтан убада кылган адам да К. катары таанылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7