Көптүрмө сайма

Википедия дан

Ийне сайманын бир түрү. Мында жердикке түшүрүүчү учуна жипти эң майда кылып сайса, ал бирдей түшүрүлөт. Сайма тик бурчтуктанып, оюм-чийимдин ийине ойдогудай түшпөй калышы да мүмкүн. Көптүрмө саймага түшкөн көчөттүн көрүнүшү чийге, килем бетине жана өрмөккө берилгендей «сындырылып» кетет. Ошондо жердиктин эки бетине сайма бирдей түшүүсү тийиш. Муну менен «сүлгүнү», «бет аарчыны» (жүз аарчыны), «керебетке тарткычты», «кийим жапкычты» саймачылар кезегинде жүзөгө көп ашырышкан. Натыйжада, аны бир эсептен кыргыздар «эки жүздүү сайма» деп аташкан.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)