Мазмунга өтүү

Көпөев Азиз

Википедия — ачык энциклопедия

Көпөев Азиз Уста. 1927-ж. Ат-Башы районундагы КараБулуң айылында төрөлгөн.

Тестиер чагынан агасы, атактуу зергер Асандын нускасын алган. Асан Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда 14 жашар Азиз колхоздун устаканасында анын ордун басып узанып калат. Ошондон бери зергерчиликтин, жыгаччылыктын ички касиеттерин таасын өздөштүрүп, эскиче узануунун мыкты үлгүлөрүн көрсөтүп келүүдө. Азиз уста - эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук I, II,III-фестивалдарынын лауреаты. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Азиз темирдин «ак курч», «кара курч» жана «жашык темир» деген үч түрүн билет. Ак курчтан кесүүчү, миздүү керки, кескич, өгөө, балта, бычак, капкан өңдүү буюм-аспаптарды, калып темир жасайт. Булар эң эле өткүр келип, муңайыңкырамак болуп, чорт сынбайт. Кара курч катуу жана морт келет. Ага өгөө өтпөйт. Мындан буюм жасоодо көбүнчө чарык колдонот. Уста анын сугатын таба билип, ак курчтан да өткүр кылат. Жашык темирден көбүнчө ат така жасайт. Бирок, ал таштак жайда эки-үч айдан ашпагандыктан, мындай жерге ат таканы кара курчтан жасайт. Жашык темир ийкемдүү, жумшак болгондуктан, андан калак, кычкач, кыпчуур, аткуур, депкир, үзөңгү жана ат жабдыктарынын башка шөкөттөрүн, түндүктүн чулгуурун (түндүктүн көздөрүн төрт чарчы кылып көзөй турган аспап) жасайт. Араба, трактор, тырмоолордун бузулган, сынган тетиктерин оңдойт. Уcта ак курчту сууга катуу сугарат. Темирдин учун сууга дароо малат. Ошондо ал тез чыйралып, өңү бордой агарып, курчтукка айланат. Анан беш-он минута тышта кармап турса, күжүдөн чыккан кызыл темир бат эле жашылга айланып, миpдеги ак бордой курчту сарыкер түскө алып келгенде гана сугарылган темир табына келген кези болот. Ушундан кийин сууга кайрадан малып, курчун ошол бойдон калтырат. Ал ак курчту эки курдай сугарат. Уста карышкыр, илбирс, аюу, кулжа, теке сыяктуу айбанаттардын ички мүнөздүү жагдайларына карата көлөмдүү капкандарды жасаган. Анын жаагы ак курчтан жасалып, айрымдарынын жаактарын эки-үч адам араң басат. Уста капкандын тышкы катмарын жашык, ички катмарын курч бойдон сугаруу үчүн көрүктүн жалынына тышкы бетин бир аз кармап жашытып, сыртын кургак бетеге менен жоруптап сүртүп турат. Бетеге чала күйгөн убак - темирдин табына келген кези. Ал эми кара курчтун учун сууга акырындан тийгизип, өлчөөсүн баамдайт. Кара өң жашыл болгон тапта же кара күрөң өңгө келген кезде темирдин курчуган учуру болот. Ал мындан молоташ, тегирмен, жаргылчак өңдүү таш буюмдарга көзөөч жасаган. Жездин сары, кызыл түсүнөн Азиз ат жабдыктарынын шөкөттөрүн, аялдардын өздүк буюмдарын, мистабак, аптама, чөөгүн, чайнек өңдүү буюмдарды жасайт. Жезди, колону эритүүнүн өздүк ыкмасы күмүштүкүнө окшош. Анын жезге калай чайкоосу (мистөөсү) төмөнкүчө: торко электен өткөн майда кум менен жездин ичин жалтырата тазалап, андан кийин жездин бетине калайды жука-жука кесип, көрүктүн жалынына кармап эритет. Ага нашатыр сээп, кебез куургуч аркылуу сүртөт. Ошондо калай жездин бетине жабышып, ак түскө айланат. Кара темирге жез чайкоосу да ушул сыяктуу. Калайды ошондой эле топчунун сабагын, шакек, оймок өңдүүлөрдүн кошунду жерлерин каңдоо үчүн керектейт. Уста чоюн казандын сыныктарын көрүккө коюп эритип, калыбына салып, андан буурусунга же сокого тиш куя билет. Колону ат жабдыктарын, кишен жана кыз-келиндердин асем буюмдарын жасоого пайдаланган. Коргошундан өгөөгө калып жасаган, салмактуу болушу үчүн чоң бычакка толто жасаган. Ак бараңга бытыра жасап, ийикке баш куйган. Азиз ат жабдык, чолпу, чач учтук, шакек, билерик, төөнөгүч, сөйкө өңдүү жасалгаларды, ооз комуз, темир комуз ж. б. кармайт. Ал темир комуздун жердигин темирдин акурач деп аталган түрүнөн тандайт. Тилин өткүр чалгынын кырынан созот. Тилдин иймегин 3 смге ийип, учуна калай жабыштырат. Үй жыгачына узануусунда өзүнчө бөтөнчөлүктөр байкалат. Ал үй жыгачы үчүн атайын бак тигет. Үч жылдан кийин бир түбүн кыйса, анын түпкү бутактарынан отуз-кырктай майда чырпык шоолдоп өсөт. Кыйылган талдын жыйырма-отуздайын төрт жеринен зым менен боолап, аны көлөкө жайга он-он беш күндөй кургатат да, аны кайрадан чөөткө салып жашытат. Талды теске коёрдун алдында корго сойлотун жашытат. Жыгаччы тал аттууларды «көк тал» жана «ак тал» деп экиге бөлүп узанат. Жумшак келип, бат эле матоосунан жанып кеткендиктен көк талдан боз үйдүн жыгачын кармабайт. Түйүлгөн кереге көгүн көрсөтпөйт, ага атайын кооздук келтирүү үчүн жука жез менен күмүштөн көрчөгөлөйт. Зергерде ар бир көрчөгө - топчунун калыптары бар. Ал көк арасынан өткөрүлө кагылат. Чебердин түндүккө узануу дүкөнү - тегерек дөңгөлөк. Анын 4-5 жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Ал жаактык жыгачты корго салып кызыткаыдан кийин дөңгөлөккө чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып керип бекитет. Жаткан жеринде бир айча кургатылат. Түндүктүн калган жаагын да (эки үч бөлүктөн турушу да ыктымал) ушул ыкма менен жасайт. Андан кийин чамгарагын салып, уук көздөрүн көзөйт. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп оюм чийим түшүрүү нускасы бар. Түндүк көздөрүнөн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө коёт. Эмгектери түстүү баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 50 жылдыгына карата көргөзмө. Ат майданына боз үй тигип келгендиги үчүн Ат майданынын Биринчи даражадагы диплому; 1982-ж. СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Боз үй тигип катышкандыгы үчүн ЭЧЖРКнүн Биринчи даражадагы диплому; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Боз үй тигип катышкандыгы үчүн ЭЧЖРКнүн Биринчи даражадагы диплому; 1990-ж. Киевдеги фольклористтердин эл аралык II фестивалы. Боз үй тигип баргандыгы үчүн лауреаттык медаль; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Зер буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0