Көп грандуу бурч
Көп грандуу бурч – багыттоочусу жөнөкөй көп бурчтук болуп, көңдөйчөлүү конус түрүндөгү беттен пайда болгон геометриялык фигура. Конус түрүндөгү беттин чокусу Көп грандуу бурчтун чокусу, ал эми грандары мн түзүлгөн бурч Көп грандуу бурчтун жалпак бурчтары деп аталат. Мында ар бир жалпак бурчтун 2-жагы кийинки бурчтун 1-жагы болот, ал эми акыркы бурчтун 2-жагы биринчи бурчтун баштапкы жагы менен дал келет. Эгерде Көп грандуу бурчтун бардык эки грандуу бурчтары барабар болсо, туура Көп грандуу бурч деп аталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9