Көп грандык

Википедия дан

Көп грандык – бардык жагынан жалпак көп бурчтуктар, б. а. грандары менен чектелген геометриялык нерсе. Көп бурчтуктун грандарынын жактары Көп грандыктын кыры, ал эми кырынын учу Көп грандыктын чокусу деп аталат. Грандарынын саны боюнча төрт, беш ж. б. Көп грандыктар болуп айырмаланат. Көп грандык толугу менен гранынын тегиздигинин бир жагында жайгашса, анда ал томпок деп аталып, анын грандары да томпок болот. Томпок Көп грандык. мейкиндикти сырткы жана ички бөлүккө бөлөт. Тескерисинче, томпок нерсенин бети көп грандуу болсо, Көп грандык да томпок болот. Эгер Көп грандыктын бардык грандары бирдей, туура (конгруэнттүү) көп бурчтук болуп, чокусундагы бардык көп грандуу бурчтары барабар болсо, анда ал туура Көп грандык (Платон телолору) деп аталат. Туура Көп грандыктын бардык көп грандуу бурчтары туура жана барабар болот. Туура Көп грандыктын түрлөрү: туура тетраэдр, куб, октаэдр, додекаэдр жана икосаэдр. Илимде мындан башка жарым туура Көп грандыктар (Архимед телолору) бар. Кайчылаш жактары түгөйлөш параллель болгон Көп грандык томпок пaраллелоэдр же Фёдоров телосу деп аталат. Көп грандыкты аныктоодо дагы бир туура томпок эмес көп грандыктын 4 түрүн көрсөтүүгө болот (Пуансо телолору).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]