Мазмунга өтүү

Көркөм кездемелер –

Википедия — ачык энциклопедия

Көркөм кездемелер – көркөм орнаменттелген жана жасалгалык маанидеги кездемеден жасалган текстиль буюмдарын: парда, кездемени кооздоо, дасторкон, жоолук, кийим, эмерек сырттоо жана башка үчүн колдонулат. Эреже катары, К. к-дин саймасы анын үстүнө тегиз бастырылат же токуп жаткан учурда түстүү жиптердин чыгармачылык менен токулушу аркылуу жасалат (көркөмдүк жактан баалуу К. к-ге гобелендер, шпалерлер кирет же даяр кездемеге боёк менен гүл түшүрүлүп бастырылат), кээде кол менен боёлот жана саймаланат. Кездемелер жүн, жибек, пахта буласынан, зыгырдан – бардык текстиль материалдарынан даярдалат. К. к-ди өндүрүү байыркы мезгилдерден бери белгилүү. Аны Байыркы Египет менен антик дүйнөсү да өндүргөн. Илгертеден бери эле көркөмдүгү жана мыкты техникалык чеберчилиги менен кытай К. к-и даңкталып келген. XVIII кылымда өзгөчө популярдуу болуп француз жибеги таанылган. Байыркы Рустун түр салынган К. к-лери сакталып калган. XVIII–XIX к-дарда жогорку көркөмдүктөгү К. к-ди орус крепостной чеберлери даярдашкан («колокольцевдик» деп аталган токулган орус шаль жоолуктары бүткүл дүйнөгө белгилүү).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]