Көркөм өндүрүш
Көрүнүш
Көркөм өндүрүш – сүрөтчүлөрдүн модели жана долбоорлору боюнча жасалган жасалга-турмуштук көркөм буюмдарды массалык түрдө өндүрүп чыгаруу. Көркөм искусство тармагына текстиль өндүрүшү: силикат жана керамика, эмерек өндүрүшү, килем токуу, көркөм дубал кагаздары (обои) кирет. Фабрикалар пайда болгонго чейин көркөм искусство алгач кол өнөрчүлүк цехтерде, андан соң мануфактуралар менен ишке ашырылган. Москва метрополитенин жасалгасы көркөм искусствонун зор ийгилиги менен чоң мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтөт. Эл арасында Ломоносов, Дулев, Дмитров атындагы фарфор заводдорунун буюмдары, Гусь-хрусталь, Дятьков – айнек заводдору, Трёхгорная мануфактурасынын жасалга кездемелери, «Кызыл Роза» фабрикасы кеңири белгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004