Көрүшмөк оюну

Википедия дан

Көрүшмөк. Кыргыздын кыз – келиндери, жигиттери белгилүү жерде же үйдө, белгиленген убакытта чогулушуп ойноочу оюн. Көбүнчө илгери кыздын тоюнда, айылга келин көчүрүп келгенде ойнолгон. Оюн тегиз жерде же үйдө, күндүз да, түндөсү да ойнолот. Оюнга катышуучулардын саны чектелбейт. Келин – кыздар өздөрү каалаган жигитине, жигиттер кызына арнаган ыр, бий белектерин даярдап оюнга келишет. Оюнчулар оюнду уюштуруучу келин жана жигит менен бирдикте бир кызды же келинди жана бир жигитти оюнга калыс кылып шайлашат. Калыс кызда ( келинде ) эшилген жоолук болот.
Калыстардын сунушу боюнча жигиттер кыз – келиндер менен аралашып, өздөрү жактыргандарын жандап, тегерек тартып олтурушат. Калыстар оюнчулардын ортосуна келип турушат. Калыс келин же кыз, калыс жигитке колундагы эшилген жоолукту берип, оюнду баштоону сунуш кылат. Калыс жигит колуна эшилген жоолукту алып, калыс кыз же келин менен бирдикте оюнчулардын алды жагы менен кыдырата басып, экөө бири – бирине арнаган ар кандай ырларын алым сабак айтышат. Ошол мезгилде жигит колундагы жоолукту өзү каалаган бир жигиттин жана бир кыздын тизесине тийгизип өтөт. Калыс кыз тизесине жоолук тийген кыз – жигитти оюнчулардын ортосуна чакырып, экөөнү көрүштүрөт. Башкача айтканда, ортого чыккан кыз – жигит аркаларын тийгизип турушат. Жигит оң колун жогору көтөрүп, сол колун каптал жагына сунуп турат.Кыз болсо жигиттин оң колунун үстүнө оң колун, сол колунун үстүнө сол колун жигит сыяктуу сунуп тийгизет да жигит менен кыз оң карашып бири – бирине жүгүнүшүп салам беришет. Андан кийин жигит кызга, кыз жигитке арнаган ырларын ырдап, бийлеп бүтөрү менен калыс кыз аларды өз ордуна олтурууну сунуш кылат. Калыстар болсо кайрадан алым сабак айтышып, жоолукту көрүшкөн кыз – жигиттен кийинки кыз – жигиттин тизелерине тийгизип өтөт. Калыс кыз аларды биринчи көрүшкөн кыз жигиттей эле көрүштүрөт. Ошентип, оюн улантыла берет.
Калыс жигиттин ыры түгөнүп калса ал жоолукту акыркы же биринчи жолу көрүшкөн жигитке берет. Жоолукту алган жигит калыс болот. Биринчи калыс болгон жигит жаңыдан калыс болгон жигиттин кызынын жанына келип олтурат. Кийинки калыс болгон жигит калыс кыз менен бирдикте оюнду уланта берет. Эгер биринчи калыс жигиттин ыры түгөнбөй оюнчуларды бир сыйра көрүштүрүп чыкса, оюндун акырына чейин калыс болуп калат да. Жоолукту өзү каалаган жигитке берет. Калыс жигит болсо калыс кыз менен көрүшөт. Андан кийин кыз – жигиттер бири – бирине арнаган белектери болсо беришсе болот.
Маалымат булагы: Токторбаев С. " Өспүрүмдөр оюндары "