Көрүүсү аялуу балдар мектеби

Википедия дан

Көрүүсү аялуу балдар мектеби – азиз (сокур) жана начар көргөн балдар үчүн атайын окуу-тарбия мекемеси. Алар өзүнчө да, ошондой эле көрүүсү бузулган балдардын категориялары үчүн өз алдынча бөлүм катары да болушу мүмкүн.

Офтольмолог дарыгердин корутундусу боюнча мындай мектептерге көзүнүн көрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар кабыл алынат. Окутуу жараяны атайын окуу планы жана программанын негизинде жекече жана фронталдык иштин атайын ыкмаларын кеңири пайдалануу аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле класста көрүү иштери үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт, атайын окуу-көрсөтмө куралдары жана дидактикалык материалдар, атайын оптикалык жана техникалык каражаттар колдонулат. Тармак эки түрдө болот:

  • азиз балдар үчүн мектептер, мында балдар 12 жыл окуп, толук эмес орто билим алышат;
  • ал эми начар көргөндөр үчүн мектептерде балдар ушул эле мөөнөттө жалпы орто билимге ээ болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004