Көтөлүктүн Сары-Бел

Википедия дан

Көтөлүктүн Сары-Бел топоним. Чоң казатта Манастын колу Бээжинге жакындап келип токтойт. Алмамбет мындан ары Бээжинге кандайча баруу жөнүндөгү оюн ортого салып Манас менен К. С-Б-инде кеңешет. «Көтөлүктүн Сары-Бел, Он бир жолдун ортосу, Алты жолдун арасы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 236) аркылуу кербенчилер, жолоочу-жүргүнчүлөрдүн баары өткөн. Капырдан кароолчулар келсе да К. С.-Б-не токтошкон. Географиялык реалияда Тарбагатай тоосундагы кытайга ашып түшчү ашуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4