Көчмө телестанция
Көчмө телестанция – студиядан тышкаркы теле берүүлөрдү жүргүзүүчү аппаратуралар комплекси. Көчмө телестанциянын негизги өзгөчөлүгү жогорку мобилдүүлүгү, окуя болуп жаткан жерден түздөн түз алып көрсөтүү же жаздыруу болуп эсептелет. Алгач Көчмө телестанция Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 1948-жылдан кара-ак түстөгү, ал эми 1968-жылдан тартып түстүү сүрөттөлүштөрдү алып көрсөтүүдө колдонулууда. Көчмө телестанциянын курамына: автобуста монтаждалган телеаппаратура, алып жүрмө телекамералар, күчөткүч, микрофон, телеборбор менен байланыштыруучу аппаратура жана ага телесигналдарды берүүчү радиорелелик жабдуулар, генератор кирет. Тартып берүүчү камералардын автобустан четтөө аралыгы 2 км, микрофондуку 400 м. Ошондой эле сыртка чыгаруучу бөлүктөрүн: радио бергич, параболалык антенна түзөт жана ал автобустагы башкаруу аппаратурасына кошулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9