Көңдөйчө

Википедия дан

Көңдөйчө – физикада жарым өткөргүч кристаллдагы кыймылдуу электрондук бош орун (вакансия). Көңдөйчө жарым өткөргүчтөгү оң заряддуу бөлүкчө. Анын зарядынын абсолюттук мааниси электрондукуна барабар. Көңдөйчө жарым өткөргүчтө электрондор менен бирдей электр тогун алып жүрөт. Көңдөйчө катуу нерсенин энергиялык зонасында электрон ээлебеген кванттык абал. Көңдөйчөнүн энергиялык зонасынын жогорку чегинде пайда болгон кыймылы, сырткы электр талаасынын таасири менен пайда болгон электрондордун толуп калган энергиялык зонасындагы кыймылына эквиваленттүү. Көңдөйчө өткөргүчтүк электрондору сыяктуу эле кристаллдардын электрондук системасынын динамикалык касиетин аныктоочу квазибөлүкчө. Көңдөйчөнүн натыйжалуу массасы өткөргүчтүк электрондукунан демейде чоң, ал эми кыймылы аз. Жарым өткөргүчтөрдө Көңдөйчө валенттик зонанын жогорку чегинде пайда болот. Өткөргүчтүк зонасы толук толбогон металлдарда жана жарым металлдарда Көңдөйчө түшүнүгү айрым учурда, электрон ээлебеген, Ферми деңгээлинен, б. а. абсолюттук нөл темпретурада электрондор жайгашкан эң жогорку энергиялык деңгээлинен төмөн абалды ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]