Көө

Википедия дан

Көө – углеводороддордун толук эмес күйүшүнөн же термиялык ажырашынан пайда болгон кара түстөгү дисперсиялык продукт. Көмүртек атомдорунун графиттеги катмарларына окшош, бирок жалпак эмес, ийилген катмарларынан түзүлгөн сфералык бөлүкчөлөрдөн (көлөмү 100-3500 А) турат. Суюк сырьёдон (нефть майларынан), жаратылыш же өнөр-жай газынан, газ жана суюк сырьёнун аралашмасынан алынат. Өндүрүлүшүнө жараша: каналдык Көө диффузиялык жалында толук эмес күйгөн газ жана газ-суюк аралашмадан; меш Көөсү турбуленттик жалында толук эмес күйгөн суюк сырьёдон; термиялык Көө газдын абасыз ажырашынын негизинде пайда болот. Анык (пикнометрдик) тыгыздыгы 1800-1900 кг/м3, бөлүкчөлөрүнүн диаметри 10-350 нм. Лак, боёк материалдарына пигмент, резина, пластмасса алууда ж. б. толуктагыч катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]