Көөлү өрөөнү

Википедия дан
Көөлү. өрөөн‎»‎ барагынан багытталды)

Көөлү өрөөнү - Борбордук Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоо (түндүгүндө) менен Көөлү (түштүгүндө) тоолорунун аралыгында кеңирдикдик багытта жайгашкан. Аянты 844 км2. Уз. 51 км, туурасы 2–4 км. Бийиктиги 2800– 4000 м. Тепши сымал. Оң өндүрүнүн орто жана төмөнкү бөлүгү тик, нымдуу, сол капталы жантайыңкы жана кургак. Өрөөндүн жогорку бөлүгү кененирээк.

Климаты континенттик. Жылдык орто температура —1,8°С, январдыкы —19,6°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 308 мм. Кышында кар жокко эсе. Шамал батыштан согот. Аймагынын 30%ин мөңгүлөр каптап жатат.

Ирилери: Караколтөр, Каратөр, Ашуу- төр, Сарычат, Моло. Катаал климаттык шарттарда көп жылдык тоң катмары пайда болгон. Чоң суусу — Көөлү. Өрөөндүн ортоңку жана төмөнкү бөлүгүнүн тескей беттериндеги (2800–3000 м) каралжын то-ой топурагында шренк карагайы, тал, караган, доңуз сырты, каракыяк; сол өндүрүндөгү тоо-талаа каралжын топурагында шыбак, кылканактуу чөптөр, көдөө, төө сойгок өсөт. Субальп алкагындагы (3000–3400 м) тоо-шалбаалуу талаа жана талаа коңур топурагында доңуз сырты, каракыяк, коңурбаш, кымыздык, таран, кылкан чөп көбүрөөк; альп алкагындагы (3400–3700 м) тоо-шалбаалуу каралжын чым-көңдүү топурагында доңуз сырты, кийикот, кылканактуу чөптөр жана башка өсөт. Гляциалдык-нивалдык ландшафттарда ташка жабышкан эңилчек кездешет. Өрөөндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу р-нун малы кыштайт. Тоют сактоо базалары, метеостанция бар. Өрөөндүн орто бөлүгүнө чейин машина жүрүүчү кара жол салынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]