Көөнө сөздөр

Википедия дан

Көөнө сөздөр — күндөлүк речте колдонулбаган, көркөм тексттерде стилдик ыкма, көркөм каражат катары кызмат аткарган сөздөр, сөз айкаштары. К. с-дүн элдик оозеки эпосто колдонушу анын мазмуну, жанрдык-стадиялык өзгөчөлүгү, поэтикасы менен тыкыс байланыштуу. Көөнө мотив, көөнө сюжет, көөнө образдарды көркөм чагылдырууда айрыкча жыш колдонулат. «Манаста» К. с-дүн бардык түрлөрү кездешет. Белгилүү бир тарыхый учурда жашап, кийин колдонуудан чыгып калган историзмдер (зубун, тарса, ылама, мубакил, бичик жана башкалар) элдин мифологиялык аң-сезимине жана көөнө тарыхына байланыштуу түшүнүктөрдү билдирген сөздөр (жетимурук, адамноо, албын, кайып, зерчи жана башкалар) көп жолугат. Эпостогу К. с-дү келип чыгышы боюнча эки төпко бөлүүгө болот: уңгусу түрк сөзүнөн турган жана араб, иран, кытай, моңгол жана башкалар тилдерден кабыл алынган сөздөр. X. Карасаев «Манас» эпосундагы түшүнүүгө кыйынчылык келтире турган сөздөрдүн (Сагымбай Орозбаков варианты боюнча) сөздүгүн түзгөн (к. «Камус наама»). К. с. эпостун стилине көтөрүңкү эпикалык мүнөз берип, көөнө түшүнүктөрдү көркөм чагылдырууга кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4