Лаат-Манат

Википедия дан

Лаат-Манат (арабча аль-Лат, Манат) — байыркы арабдардын ислам динин кабыл алганга (7-к.) чейинки сыйынган кудай-буттары. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана учурайт. «Чоң чабуул» окуясында Макел-дөө «Эсенкан эгер оңбо деп, Лаат-манат колдо деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 299) сыйынып, Манаска каршы жолго чыгат. Муну өзбектердин «Малика-аёр» дастанынын таасиринен киргизилген болуу керек. Анда Макел-дөө да ар дайым Л.-М-ка сыйынып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4