Лавёров Николай Павлович

Википедия дан

Лавёров Николай Павлович (12. 1. 1930-ж. туулган, Архангел облусу, Конош району, Пожарище кыштагы) – орус геологу, академик (1987), Россия ИАнын вице-президенти (1988). Москва түстүү металлургия жана алтын институтун 1954-ж. бүтүргөн. 1958-жылдан СССР ИАнын Кен байлыктар геологиясы, петрография, минералогия жана геохимия институтунун Орто Азия геологиялык станциясынын (Чкалов шаары, Тажикстан) окумуштуу-секретары. 1966– 68-ж. СССР Геология министрлигинин Илим изилдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары. 1968–72-ж. Бүткүл союздук Геологиялык фонддун, 1972-жылдан СССР Геология илим изилдөөнү уюштуруу башкармалыгынын башчысы. 1987–88-ж. Кыргыз ССР ИАнын президенти. 1989–90-ж. СССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Илим жана техника комитетинин төрагасы, 1991-ж. СССРдин премьер-министринин орун басары, 1991-жылдын аягынан Россия ИАнын Кенташ, петрография, минералогия жана геохимия институтунда директор, 2004-жылдан илимий жетекчи. Негизги эмгектери уран геохимиясына, уран кендеринин түптөлүү шартына жана геологиясына, аларды иштетүү технологиясына, радиоэкологияга арналган. 2- жана 1-даражадагы «Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн»т ордени, Россия ИАнын М. В. Ломоносов атындагы чоң алтын медалы, Демидов сыйлыгы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7