Лазерлик гравирлөө

Википедия дан

Лазерлик гравирлөө - лазердин жардамы менен басма калыптарын (формаларын) гравирлөө (оюу). Жогорку сапаттуу басуу үчүн пластина жана цилиндрлерди лазерлик гравирлөөдө компьютерлештирилген сканерлөөчү түзүлүш колдонулат жана анда лазер нуру айлануучу барабанга бекитилген түп нускага келип түшөт. Сканер маалыматты санариптеп анализдегенден кийин, борбордук компьютер сүрөттөлүштү кесүү үчүн башка лазерге команда берет. Басма калыптарын тез даярдоо ыкмасы – тикеден-тике, үзгүлтүксүз этаптардан турган бир цилиндрден экинчисине көчүрүү. Кайталануучу сүрөттөр жана сүрөттөлүштөр бир эле негизги цилиндрде сакталат жана улам кийинкилерин кошуп турууга болот. Лазерлик гравирлөө үчүн эң жакшы материал – резина. Ал лазер нурунун таасиринен бууланат жана сыяны оңой кабыл алат. Ошондой эле цилиндрге пластинкаларды сүрөттөлүштү камтыган бөлүгүн гана даярдагандай кылып жайгаштырса да болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7