Лазер (медицина)

Wikipedia дан
Лазердин жардамы менен операция жасоо

Лазер — жогорку интенсивдүү жарык энергиясынын ичке нур агымын бере турган түзүлүш. Лазерди 1960-ж. Н. Г. Басов, А. М. Прохоров (СССР) жана Ч. Таунс (АКШ) жасашкан. Лазер нуру үзгүлтүксүз жана импульстук болушу мүмкүн. Лазерде фокусталган жарык нурунун энергиясы түшкөн жер абдан ысып, ткандардын уюшуна (коагуляция) алып келет. Лазер нурунун биологиялык таасири анын тибине, энергиясынын кубаттуулугуна, мүнөзүнө, структурасына жана нурга кактануучу ткандардын биологиялык касиетине жараша болот. Лазер нурунун кубаттуулугу канчалык чоң болсо, ошончолук терең өтөт жана тийгизген таасири күчтүү болот. Мында ткандардын түрү, түсү, калыңдыгы, тыгыздыгы, кан менен толушу жана башкалар мааниге ээ. Лазер алгачкы жолу көз ооруларын дарылоодо пайдаланылган. Ал көз кабыгынын торчосу айрылганда жана сыйрылганда, көздөгү майда шишиктерди бузууда, ошондой эле экинчи катарактада көздө оптикалык көзөнөктү пайда кылууда колдонулган.

Александр Прохоров

Лазер нурлары ошондой эле теринин үстүндөгү майда шишиктерди, ар кандай пигменттик тактарды, кал, меңдерди, кан тамыр шишиктерин жана башкалар коагуляциялоодо, диагностикада, кан тамырларды изилдөөдө жана ички органдарды сүрөткө тартууда колдонулат. 1970-жылдан лазер нуру хирургиялык операцияларда тканды кесүү үчүн «жарык скальпели» катары кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8