Лазьков Георгий Анатолиевич

Википедия дан

Лазьков Георгий Анатолиевич (24. 6. 1963-ж. туулган, Фрунзе ) – биология илимдеринин доктору (2006). КМУну бүтүргөн (1988). 1987-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Биология жана топурак таануу институтунда кенже, 2002-жылдан улук илимий кызматкер. Көптөгөн илимий экспедицияга катышып, Кыргызстандын флорасынын 60тан ашык жаңы түрлөрүн сыпаттап жазган. Ал флора жана анын систематикасы, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана аларды коргоо маселелери боюнча иштейт. Кыргызстандын Флорасына 100дөн ашык түрдү, 10го жакын тукумду 1-чи жолу каттаган. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы бар. Россия ботаника коомунун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7