Лайка

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Лайка - Европа менен Азиянын түндүк токой зонасындагы аңчы ит породасы.

Боюнун бийиктиги 38 - 63 см. Үкү баш, тик кулак, жүнү коюу, үлпүлдөк. Түсү ар түрдүү. Ал сактыгы, көрөгөчтүгү жана угуу сезиминин күчтүү өнүгүшү менен айырмаланат. Лайка шамдагай, чыдамкай, жытчыл, чымыр, суукка байымдуу. Айбанат менен канаттууга аңчылык кылууга оңой үйрөтүлөт. Лайка аюу, тыйын чычкан, суусар, соно ж. б. айбанатка аңчылыкта пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.