Лайл сүрөсү
- 92-сүрө
Лайл сүрөсү (1) Түн[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 21 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. (Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!
- 2. (Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!
- 3. Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!
- 4. Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.
- 5. Ким (садака) берсе жана такыба кылса
- 6. жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса -
- 7. Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.
- 8. Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) (сарандык кылса жана (Аллах бере турган соопту) "керек эмес" десе..
- 9. Жана ыйманды жалган десе..
- 10. Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз
- 11. (Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!
- 12. Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш.
- 13. Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.
- 14. Мен силердин алоолонгон оттон эскерттим.
- 15. Ал отко шору каткан адам гана кирет.
- 16. Ал (Исламды) жалган деп (чындыктын) жүз бурган.
- 17. Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот.
- 18. Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.
- 19. Ал адамга эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок. (2)
- 20. (Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат)
- 21. Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы (Раббисинен) ыраазы болот.