Ламберт мыйзамы

Википедия дан

Ламберт мыйзамыжарыкты диффузиялуу таратуучу же чачыратуучу беттин жаркырактыгы (L) бардык багытта бирдей экенин туюндуруучу мыйзам. Аны 1760-жылы немис окумуштуусу И. Ламберт ачкан. Ламберт мыйзамы азыркы кезде теориялык изилдөөлөр үчүн ылайыктуу жарыктын идеалдык таралуу схемасы катары каралат. Ламберт мыйзамынын аныктамасы боюнча M=рL, мында жарыктаныш менен жаркырактыктын (L) туруктуу катышы алынган. Ламберт мыйзамы фотометрия жана жарык техникасынын жакындатылган эсептөөлөрүндө колдонулат. Турмушта кээ бир реалдуу нерселер гана Ламберт мыйзамынан чыкпай тургандай жарыкты чачыратышат. Аларга: магний кычкылы, күкүрт кычкылдуу барий жана гипс менен капталган беттер; тунук эмес чөйрөлөрдөн – сүттөй ак айнек, кээ бир булуттар; өзү жаркыроочу жарык булактарынан ― абсолюттук кара нерсе, күкүм түрүндөгү люминофорлор кирет. Ламберт мыйзамы жарыктын идеалдуу таралуусунун схемасы катары теориялык иштерде гана эмес, болжолдуу фотометриялык жана жарык техникалык эсептөөлөрдө да кеңири колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7