Мазмунга өтүү

Ламин Ямал

Википедия — ачык энциклопедия
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Ламин Ямал

Ламин Ямал 2025-жылы
Жалпы маалымат
Төрөлгөн датасы 13 -июль 2007(2007-07-13) (18 жаш)
Эсплугес-де-Льобрегат, Барселона, Испания
Жарандыгы  Испания
Жетектөөчү буту сол
Бою 180[1] см
Позициясы вингер
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Испания Барселона
Номуру 19
Карьерасы
Жаштар клубдары
2014—2023 Испания Барселона
Клубдук карьерасы*
2023—учур Испания Барселона 73 (14)
Улуттук курамасы**
2021 Испания Испания (15ке чейин) 6 (3)
2022 Испания Испания (16га чейин) 4 (1)
2022—2023 Испания Испания (17ге чейин) 10 (8)
2022 Испания Испания (19га чейин) 1 (0)
2023—учур Испания Испания 21 (6)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 25-май 2025-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 8-июнь 2025-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Лами́н Яма́л Насрауи Эбана (кат. жана исп. Lamine Yamal Nasraoui Ebana; 13-июль 2007-жылы туулган) — испаниялык футболчу, «Барселона» клубунун жана Испания курамасынын вингери. 2024-жылкы Европа чемпиону.

Жаштык кези жана үй-бүлөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламин Ямал Насрауи Эбана 2007-жылдын 13-июлунда Каталония аймагындагы Барселона метрополиясына караштуу Эсплугес-де-Льобрегат шаарында төрөлгөн[2]. Анын атасы Мунир Насрауи куруучу-сырдоочу болуп, апасы Шейла Эбана ашканада иштеген[3]. Ямалдын апасы Экваториалдык Гвинеянын Бата шаарында төрөлгөн, атасы болсо Марокконун Лараш шаарынан болот[4]. Ата-энеси уулуна «Ламин Ямал» деген кош ат беришкен, бул — уулдары төрөлөөр алдында аларга каржылык жардам көрсөткөн эки адамдын урматына коюлган[5]. Ямал — мусулман[6].

Ата-энеси Ямал үч жашка чыкканда ажырашкан, бирок экөө тең анын балалык чагында жанында болушкан[7]. Үй-бүлө башында Матаро шаарында жашачу, бирок ажырашуудан кийин апасы Гранойерс шаарына көчүп кеткен, ал жакта Ямал төрт жашында «Ла Торрета» аттуу жергиликтүү футбол клубуна барып ойной баштаган[8][9]. Ал эки шаар ортосунда ата-энеси менен убакыт өткөрүп турган[7]. Атасы менен Матародо жашап жүргөндө Ямал Рокафонда районуна чоңоюп калган. El País басылмасы бул районду «унутта калган, обочодо жайгашкан жана коомчулукта жаман кабыл алынган» деп сүрөттөгөн. Ямал гол киргизгенде 08304 индекси менен байланышкан 304 санынын белгисин көрсөтөт — бул Рокафонда районун индекси. Анын ийгилиги бул эмгекчи райондун намысын жана таанымалдыгын арттырганы айтылат[10][11].

Ямал алты жашында «Барселона» клубунун скауттары тарабынан байкалып, Ла Масия академиясында машыгууга чакырылган. Ал 2014-жылы клубга кошулуп, академияда жашап машыга баштаган[3][12]. Анын бала кезде кумир туткан футболчулары — Роналдиньо, Лионель Месси жана Неймар болгон[13].

Ямалдын Бараа деген карындашы жана 2022-жылы төрөлгөн Кейне деген иниси бар[14][15]. Футболдон сырткары 2024-жылдын 14-августунда Ямалдын атасы Матаро шаарындагы унаа токтотуучу жайда бычакталган[16]. Жеңил жаракат алган соң үч күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Полиция бул окуяга тиешеси бар деп төрт адамды камакка алган[17][18].

Клубдук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаштар академиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ла Масиянын академиясынан тарбияланып, Ямал 2022/23-сезондо өзүнүн жаш курагынан жогору болгон «Хувениль A» командасына кошулган[19]. 2022-жылынын аяк оона айында Хави тарабынан биринчи команда менен машыгууга чакырылып, машыктыруучуну таасирленткен жаштардын бири болгон[2][20].

2023-жылынын 29-апрелинде 15 жаш 9 айлык курагында Ямал «Реал Бетиске» каршы Ла Лигадагы оюнда дебют кылып, «Барсанын» тарыхындагы эң жаш оюнчу болду[21]. 14-майда Ла Лига чемпиону болгон клуб менен биринчи титулун жеңип алды[22].

2023/24: Негизги курамдагы секирик

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ямал сезонду «Барселона Атлетик» курамында баштаганы менен, 20-августта «Кадиске» каршы биринчи жолу баштапкы курамда талаага чыгып, оюндун соңунда алмашкан учурда күйөрмандардан узак кол чабууларга татыган[23][24]. Кийинки матчта «Вильярреалга» каршы эки голдук атакага катышып, оюндун мыктысы аталган жана ошол айдын 23-жашка чейин мыкты футболчусу наамын алды[25][26][27].

19-сентябрда УЕФА Чемпиондор лигасында дебют жасап, 2-октябрда клуб менен 2026-жылга чейин келишим түздү[28][29]. Келишимдеги сатып алуу баасы — €1 миллиард. 8-октябрда «Гранадага» каршы биринчи голун киргизип, 28-октябрда биринчи жолу Эль Класикодо ойноого катышты[30].

Декабрь айында Ямал «Алтын Бала» (англ. Golden Boy) наамына ээ болду, бирок салтанатка катыша алган жок — мектепте окууда болчу[31][32][33]. 2024-жылдын январында, Ямал Испаниянын Суперкубогунун жана Кубогунун эң жаш гол автору катары тарыхка кирди[34][35]. 11-февралда «Гранадага» каршы эки гол киргизип, оюндун мыктысы деп табылды[36].

Сезондун жыйынтыгында Ямал 50 матчта ойноого жетишип, төмөнкү рекорддорду жаңылады[37]:

  • Ла Лигада эң жаш ассист жана гол ээси;
  • Эң жаш дубль автору;
  • Эль Класикодогу эң жаш оюнчу;
  • Чемпиондор лигасынын плей-офф баскычында ойноого чыккан эң жаш футболчу.

2024/25: «Барселонанын» жаш лидери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

18-августта Ла Лиганын жаңы сезону «Валенсияга» каршы башталып, Ямал Левандовскиге ассист берип, жеңишке салым кошкон[38]. Бир жумадан кийин, «Атлетик Бильбаого» каршы биринчи голун киргизди[39]. 19-сентябрда 17 жаш 68 күн болгондо «Монакого» каршы Чемпиондор лигасында гол киргизип, турнир тарыхындагы экинчи эң жаш гол автору болду (биринчиси Ансу Фати болгон, 17 жаш 40 күн болгондо гол киргизген)[40][41].

26-октябрда 17 жаш 105 күн болгондо, Эль Класико тарыхындагы эң жаш гол автору катары тарыхка кирди[42]. 2-февралда «Алавеске» каршы 21 дриблинг жасап, Мессинин рекордун жаңылады[43].

30-апрелде «Интерге» каршы 100-дүйнөлүк оюнун өткөрүп, гол киргизип, «Интердин» машыктыруучусу Симоне Индзаги аны «ар 50 жылда бир төрөлчү феномен» деп атады[44].

11-майда «Реал Мадридге» каршы тарыхый 4:3 жеңиште теңдөөчү голду киргизип, «Барселонанын» сезон ичиндеги төртүнчү Класико жеңишине өбөлгө түздү[45]. Бул жеңиш клубду чемпиондукка бир кадам жакындатты.

17 жашында Ямал дүйнөнүн эң мыкты футболчуларынын бири катары таанылып[46][47][48][49], «Алтын топко» негизги талапкерлердин катарында көрсөтүлдү[50]. 27-майда клуб менен 2031-жылга чейин келишим түзүп, анын жылдык кирешеси 45,3 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн экени белгиленди[51].

Эл аралык карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания улуттук курамасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламин Ямал Испаниянын жаштар курама командаларында ойноо менен эл аралык карьерасын баштаган[52]. Ал U15, U16 жана U17 деңгээлдеринде мыкты оюн көрсөтүп, 2023-жылы өткөн U17 Европа чемпиондугунда төрт гол киргизип, командасы жарым финалга чейин жеткен[20][53][54].

2023-жылы Ямалга 16 жаш 50 күн болгондо, ал биринчи жолу Испаниянын улуттук курамасына чакырылып, ошол эле жылы 8-сентябрда Грузияга каршы дебюттук беттешинде гол киргизген[55]. Ошентип, ал Испания тарыхындагы эң жаш оюнчу жана эң жаш гол автору болуп калды[56]. Мындан тышкары, ал Евро тандоо матчтарындагы эң жаш гол киргизген футболчу болуп да рекорд койду[55].

2024-жылы Ямал Евро-2024 турниринде ойногон эң жаш оюнчу болуп калды[57]. Хорватияга каршы беттеште ал голго пас берип, бул турнирде голго ассист жасаган эң жаш оюнчу катары тарыхка кирди[58]. Грузияга каршы 1/8 финалда дагы бир ассист жасап, плей-оффто ойноого жетишкен эң жаш оюнчу болду[59]. Германия менен болгон чейрек финалда дагы бир маанилүү ассист берип, бир турнирде үч ассист жасаган төртүнчү испан оюнчу болуп калды[60]. 9-июлда Францияга каршы жарым финалда ал айып аянтчасынын сыртынан кооз сокку менен гол киргизип, турнирдин эң жаш гол автору болду[61][62]. Бул гол Евро-2024 турниринин мыкты голу деп табылды.

Испания финалда Англияны утуп, Ямал бул турнирди уткан эң жаш футболчуга айланды[63][64]. Ал финалда дагы бир ассист берип, ири турнирдин финалында голго катышкан эң жаш оюнчу жана бир турнирде төрт ассист жасаган оюнчулардын бири болду. Турнирдин жыйынтыгында Ямал Евро-2024түн эң мыкты жаш оюнчусу деп табылды[65].

2025-жылы УЕФА Улуттар лигасынын жарым финалында Ямал Францияга каршы эки гол киргизди, алардын бири анын карьерасындагы биринчи пенальти соккусу болду[66].

Кесиптик статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[67]

Клуб Сезон Лига Кубок Еврокубоктор Башка Жыйынтыгы
ДивизионОюндарГолдорОюндарГолдорОюндарГолдорОюндарГолдорОюндарГолдор
Барселона Атлетик 2022/23 RFEF Биринчи дивизиону 102030
Барселона 2022/23 Ла Лига 1000000010
2023/24 Ла Лига 3751110021507
2024/25 Ла Лига 35952135225518
Жыйынтыгы 7314632354310625
Кесиптик жыйынтыгы 7414632356310925

[68]

Улуттук курамаЖылОюндарГолдор
Испания 202342
2024131
202533
Жыйынтыгы206

«Барселона»

Испания

Жеке сыйлыктары

  • Европа чемпиондугунун мыкты жаш оюнчусу: 2024[75]
  • Европа чемпиондугунун мыкты голу: 2024[76]
  • Ла Лиганын 23 жашка чейинки мыкты оюнчусу: 2023/24,[77] 2024/25[78]
  • Ла Лиганын айдын мыкты оюнчусу: аяк оона 2024[79]
  • Ла Лиганын айдын 23 жашка чейинки мыкты оюнчусу: баш оона 2023,[27] баш оона 2024,[80] бирдин айы 2025[81]
  • Ла Лиганын айдын мыкты голу: жалган куран 2024[82]
  • IFFHS версиясы боюнча айдын мыкты оюнчусу: чын куран 2025[83]
  • «Golden Boy» сыйлыгынын ээси: 2024[84]
  • «Копа» сыйлыгынын ээси: 2024[85]
  • IFFHS версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты жаш оюнчусу: 2024[86]
  • Tuttosport тарабынан берилүүчү «Эң жаш» сыйлыгы: 2023[87]
  • Globe Soccer Awards – Жаңыдан чыгууда болгон оюнчу: 2024 (Европа версиясы)[88], 2024 (Дубай версиясы)[89]
  • Laureus спорттук сыйлыгы – Жылдын ачылышы: 2025[90]
  • УЕФА 17 жашка чейинки Европа чемпиондугунун мыкты бомбардири: 2023 (4 топ)[91]
  • УЕФА Европа чемпиондугунун мыкты ассистенти: 2024 (4 ассист)[92]
  • УЕФА Европа чемпиондугунун мыкты курамы: 2024[93]
  • The Best FIFA Men's 11 курамы: 2024[94]
  • IFFHS версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты курамы: 2024[95]
  • IFFHS версиясы боюнча УЕФА курамы: 2024[96]
  • IFFHS версиясы боюнча жаштар (U20) дүйнө курамы: 2024[97]
  • IFFHS версиясы боюнча жаштар (U20) УЕФА курамы: 2023,[98] 2024[99]
  • УЕФА 17 жашка чейинки Европа чемпиондугунун мыкты курамы: 2023[100]
  • Ла Лиганын сезондун мыкты курамы: 2024/25[101]
  • УЕФА Чемпиондор лигасынын сезондун мыкты курамы: 2024/25[102]
  • The Athletic тарабынан Европанын жаш оюнчусу: 2024/25[103]
  • The Athletic версиясы боюнча Ла Лиганын сезондун курамы: 2024/25[104]
  • УЕФА Улуттар лигасынын финалдык этапынын мыкты бомбардири (бир нече оюнчу менен бөлүшкөн): 2025
  1. Lamine Yamal (англ.).
  2. 1 2 EnriqueCorbella Lamine Yamal, el niño de 15 años que ya entrena con el Barcelona: descubre al "mini Messi" de La Masía (исп.) (5 September 2022).
  3. 1 2 The story of 16-year-old Lamine Yamal, destined to be Barcelona's next superstar (10 September 2023).
  4. Lamine Yamal, le surdoué du foot que tout le Maroc attend - Jeune Afrique.com (фр.) (10 April 2024).
  5. RobinMumford The reason why Lamine Yamal wears both names on back of his shirt (англ.) (23 September 2024).
  6. Lamine Yamal receives exemption from Ramadan on Barcelona game days (en-CA) (7 -март (жалган куран) 2025).
  7. 1 2 Meeting Messi as a baby, stunners for his country at 16. Welcome to the world of Lamine Yamal (10 July 2024).
  8. Lamine Yamal: Barcelona's young prodigy and the proud neighbourhood that shaped him (26 October 2023).
  9. Super-prodigy with 'flashes of Messi': the rise of Spain's Lamine Yamal (18 June 2024).
  10. Rocafonda, the neighborhood that regained its pride thanks to soccer sensation Lamine Yamal, El País (11 July 2024).
  11. GrahamKeeley Lamine Yamal: Barcelona football star inspires youth in hometown Rocafonda. Al Jazeera (25 May 2025).
  12. Lamine Yamal shows shades of Messi (28 December 2019).
  13. Lamine Yamal names three Barcelona legends as his footballing idols (17 December 2024).
  14. AbhishekMishra Who Is Lamine Yamal's Mother? Meet Sheila Ebana, the Woman Behind the Spain Star's Viral Pic With Lionel Messi (англ.) (14 July 2024). Текшерилген күнү 14 -июнь (кулжа) 2025. Түп булактан архивделген күнү 14 -июнь (кулжа) 2025.
  15. EgzonaShigjeqi Lamine Yamal's younger brother stole all the attention at the Ballon d'Or ceremony - Telegraph (англ.) (29 October 2024).
  16. El padre de Lamine Yamal apuñalado en un parking de Mataró. La Vanguardia (14 August 2024).
  17. Lamine Yamal's father stabbed, four people arrested for alleged attempted murder (15 -август (баш оона) 2024).
  18. Barcelona star Lamine Yamal's father discharged from hospital after brutal stabbing attack | Goal.com US (en-US) (16 -август (баш оона) 2024).
  19. FerranMartínez Julián Araujo, un 'tapado' para el lateral derecho (исп.) (31 August 2022).
  20. 1 2 FC Barcelona: Wird Lamine Yamal (15) der nächste Lionel Messi? (нем.) (5 September 2022).
  21. Youngest players in the history of La Liga (2 May 2023).
  22. CarlosMontenegro Lamine Yamal enters the history of LaLiga after the Barça title (15 May 2023).
  23. Lamine Yamal, youngest FC Barcelona starter ever (21 August 2023).
  24. ThomasSchlachter Lamine Yamal becomes youngest La Liga starter in 21st century in Barcelona's 2-0 win against Cádiz (21 August 2023).
  25. Villarreal 3–4 FC Barcelona: Rollercoaster ride to victory (28 August 2023).
  26. Watch: 16-year-old Lamine Yamal's highlights after incredible Barcelona performance (27 August 2023).
  27. 1 2 Lamine Yamal, Best LaLiga EA Sports U23 Player in August, La Liga (8 September 2023).
  28. Youngest Champions League players: Moukoko, Yamal, Babayaro, Cherki, Halilović, Tielemans. UEFA (19 September 2023).
  29. Lamine Yamal extends contract to 2026. FC Barcelona (2 October 2023).
  30. Lamine Yamal. FC Barcelona Atlètic.
  31. Lamine Yamal and Aitana Bonmatí receive Golden Boy 2023 awards. FC Barcelona (4 December 2023).
  32. 'I will like to win it': Yamal makes promise after receiving prestigious award (5 September 2023).
  33. Lamine Yamal didn't go to Golden Boy because he had school! (5 December 2023).
  34. Watch: Lamine Yamal making more history! 16-year-old Barcelona sensation breaks Supercopa goalscoring record after late strike against Osasuna (11 January 2024).
  35. GillClark Lamine Yamal apologises to Barcelona fans after Copa del Rey defeat to Athletic (25 January 2024).
  36. FC Barcelona 3-3 Granada: Held at home in six-goal thriller (11 February 2024).
  37. All Lamine Yamal's records. FC Barcelona (10 July 2024).
  38. Valencia vs Barcelona.
  39. Barcelona vs Athletic Club.
  40. Lamine Yamal makes history again (англ.) (19 September 2024).
  41. MarissaThomas Monaco 2-1 Barcelona: George Ilenikhena scores as 10-man Barca beaten in Champions League. BBC Sport (19 September 2024).
  42. Lamine Yamal youngest Clásico goalscorer (англ.) (26 October 2024).
  43. Barça : Yamal bat un record hallucinant de Messi ! (фр.) (Калып:TranslateDate/fr).
  44. Inzaghi: Phenoms like Yamal 'born every 50 years' (англ.) (30 April 2025).
  45. Barcelona edge closer to title with thrilling 4-3 win over Real Madrid (11 May 2025).
  46. Kay, Oliver. Is Lamine Yamal already the best footballer in Europe? And if not, who is? (en-US), The New York Times (2 -май (бугу) 2025).
  47. Palmer: Yamal is world's best, I love watching him (англ.) (15 May 2025).
  48. KingsleyUkpai Pedri, Raphinha and Flick crown Lamine Yamal best player in the world (15 -май (бугу) 2025).
  49. HenryFlynn Lamine Yamal Might Be The World’s Best—Good Job He’s Not Too Fussed (англ.).
  50. Tighe, Sam. Ballon d’Or odds: Ousmane Dembélé and Lamine Yamal battling for glory (en-US), The New York Times (8 -май (бугу) 2025).
  51. Ballús, Pol. Lamine Yamal’s new Barcelona contract: Inside the deal that could be worth nearly €40m a year (en-US), The New York Times (28 -май (бугу) 2025).
  52. DidacPeyret ¿Quién es Lamine Yamal? La perla de 15 años que ya entrena con Xavi (исп.) (4 September 2022).
  53. Rojita U15 : Lamine Yamal s'éclate face à la Suisse (vidéo) (фр.) (7 May 2022).
  54. España cae con honores (1–3) ante Francia en las semifinales del Europeo (исп.) (30 May 2023).
  55. 1 2 Marsden, Sam. Spain teen Yamal scores, breaks record on debut (8 September 2023).
  56. Yamal becomes Spain's youngest player and scorer, BBC (9 September 2023).
  57. Pellizzeri, Teo. Prodigy Lamine Yamal breaks record as youngest ever UEFA Euro player, Optus Sport (15 June 2024).
  58. RichardMills Spain player ratings vs Croatia: Lamine Yamal is unbelievable! Record-breaking teenager stars as La Roja make easy work of Luka Modric & Co in strong start to Euro 2024 (15 June 2024).
  59. Spain 4-1 Georgia: Resilient La Roja fight back to reach quarter-finals. UEFA (30 June 2024).
  60. Gokhale, Aditya. Starboy! Lamine Yamal matches incredible Spain record at 16 after providing brilliant assist in Euro 2024 quarter-final clash with Germany (5 July 2024).
  61. Rose, Gary. "A superstar is born" | Yamal's history making moment of "genius", BBC (10 July 2024).
  62. JesseYomtov Spain's Lamine Yamal nets sizzling goal, becomes youngest goal scorer in UEFA Euro history (9 July 2024).
  63. Lamine Yamal sets new record as youngest player to feature at a UEFA European Championship (14 July 2024).
  64. Spain vs England UEFA Euro 2024 Final. UEFA (14 July 2024).
  65. Lamine Yamal named Euro 2024 Young Player of the Tournament (14 July 2024).
  66. The Canadian Press·2 minread Yamal outshines Ballon d’Or contenders as Spain beats France 5-4 in Nations League semifinal (en-US) (5 -июнь (кулжа) 2025).(жеткиликсиз шилтеме)
  67. Lamine Yamal.
  68. Lamine Yamal.
  69. FC Barcelona, Liga champions 2022/23!, FC Barcelona (14 May 2023).
  70. Barcelona Win La Liga, Complete 2024-25 Domestic Treble (en-US) (15 -май (бугу) 2025).
  71. FC Barcelona crowned Cup Kings in classic encounter (англ.). Real Federación Española de Fútbol (26 April 2025).
  72. FC Barcelona win the Super Cup in a final for the history books (2-5) (англ.). Real Federación Española de Fútbol (13 January 2025).
  73. Spain 2-1 England. Union of European Football Associations (14 July 2024).
  74. Portugal vs Spain - UEFA Nations League Final 2025. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2025.
  75. Lamine Yamal named Euro 2024 Young Player of the Tournament, Union of European Football Associations (14 July 2024).
  76. Lamine Yamal wins UEFA Euro 2024 Goal of the Tournament, Union of European Football Associations (16 July 2024).
  77. Official: FC Barcelona winners at the LALIGA Awards, FC Barcelona (28 May 2024).
  78. Lamine Yamal, LALIGA EA SPORTS Best Under-23 Player 2024/2025, La Liga (5 June 2025).
  79. Lamine Yamal wins Player of the Month for September, La Liga (4 October 2024).
  80. Lamine Yamal is LaLiga EA Sports U23 Player of the Month for August, La Liga (10 September 2024).
  81. Lamine Yamal, LALIGA EA SPORTS Best U-23 Player for February, La Liga (25 February 2025).
  82. Lamine Yamal wins LaLiga EA Sports Goal of the Month for March, La Liga (26 March 2024).
  83. IFFHS MEN'S PLAYER OF THE MONTH APRIL 2025, IFFHS (1 May 2025).
  84. Barcelona and Spain's Lamine Yamal wins 2024 Golden Boy award (27 November 2024).
  85. Ballon d'Or 2024 : Lamine Yamal remporte le trophée Kopa (fr), L'Équipe (28 October 2024).
  86. IFFHS AWARDS 2024 - LAMINE YAMAL, MEN'S WORLD BEST YOUTH PLAYER. IFFHS (14 December 2024).
  87. Aitana Bonmatí and Lamine Yamal win Golden Boy 2023 awards, FC Barcelona (17 November 2023).
  88. Lamine Yamal (Emerging Player) (28 May 2024).
  89. Lamine Yamal (Emerging Player) (27 December 2024).
  90. Biles, Duplantis and Nadal take centre stage at 25th anniversary Laureus World Sports Awards (21 April 2025).
  91. 2023 Under-17 EURO: Top scorers, Union of European Football Associations (2 June 2023).
  92. Player stats: Attacking. Union of European Football Associations.
  93. UEFA Euro 2024 Team of the Tournament, Union of European Football Associations (16 July 2024).
  94. Five Real Madrid stars named in The Best FIFA Men's 11. FIFA (17 December 2024).
  95. IFFHS WORLD TEAMS 2024 (26 December 2024).
  96. IFFHS CONTINENTAL TEAMS 2024 - UEFA MEN (15 January 2025).
  97. IFFHS MEN'S YOUTH (U20) WORLD TEAM 2024 (28 December 2024).
  98. IFFHS Men's Youth (U20) UEFA Team 2023 (5 February 2024).
  99. IFFHS MEN'S YOUTH (U20) CONTINENTAL TEAMS 2024 - UEFA (1 February 2025).
  100. 2023 UEFA European Under-17 Championship Team of the Rezwan Tournament, Union of European Football Associations (10 June 2023).
  101. EA Sports FC 25 La Liga Team of the season 2024-25, La Liga (24 May 2025).
  102. 2024/25 Champions League Team of the Season, Union of European Football Associations (1 June 2025).
  103. The Athletic’s end-of-season awards, 2024-25: Men’s football (28 May 2025).
  104. The Athletic’s end-of-season awards, 2024-25: Men’s football (28 May 2025).